Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

3-ИЮЛДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1854-жылдын бул күнү өзүнчө Сибирь корпусунун командири Г. Х. Гасфорд Кокон хандыгы менен чектеш аймактагы абал туурасында билдирген. 1929-жылдын бул күнү өкмөттүк комиссия Аламүдүн кичи ГЭСинин курулуш объектисин кабыл алды.

1854-жылдын бу күнү өзүнчө Сибирь корпусунун командири Г. Х. Гасфорд Россия империясынын аскер министри В. А. Долгоруковго Кокон хандыгы менен чектеш чек ара аймагындагы абал туурасында билдирүү жөнөткөн. Билдирүүдө кыргыз манабы Ормон хандын орус бийлигине жасаган мамилеси жана Кененсары султандын абалы туурасында кабар берилет.

1899-жылы Орлово кыштагындагы немец тургундары Талас дарыясынын жогорку агымынан байыркы тыйындар үлгүсүн табышкан. Жаңы табылга батыш изилдөөчүлөрүнүн кызыгуусун жаратып, Талас өрөөнүндө байыркы маданият болгондугу туурасында жана мында фин-угордук калк жашагандыгы жөнүндө көз караштар айтыла баштаган.

1929-жылдын бу күнү өкмөттүк комиссия Кыргызстандагы гидроэнергетика тармагынын адегендеги карлыгачы-Аламүдүн кичи ГЭСинин курулуш объектисин кабыл алды. Пишпек шаарынан 14 километр узактыкта орун алган, 410 киловаттык күчтөгү гидростанциянын курулушу атактуу инженер-ирригатор Владимир Васильевдин долбооруна ылайык 1916-жылы башталып, кийинки революциялык оош-кыйышка байланыштуу ал 23 жылдан кийин барып бүткөрүлгөн.

1939-жылдын бу күнү Фрунзе шаарында Кыргызстан эпкиндүү колхозчуларынын I съезди ишин улантты. Съездге Кыргызстан аймагынан 169 делегат катышып, алар жазгы кош айдоонун жыйынтыгы, алдыда күтүлүп аткан жыйым-терим жана мамлекетке эгин өткөрүү даярдыгы, мал чарбасынын абалы жана тоют камдоо тармактары боюнча койгон партия милдеттерин аткаруу сыяктуу маселелерди талкуулап башташты.

1938-жылдын бу күнү Кыргызстан КП (б) II съезди ишин баштады. Съездге Кыргызстандагы 3448 коммунисттик партия мүчөлөрүнүн 250 делегаты чечүүчү добуш менен 2521 партия мүчөлүгүнө талапкерлерден 87 делегат кеңешчи добуш менен катышкан. Бу күнкү жыйында Кыргызстан коммунисттик партиясынын отчеттук билдирүүсү угулуп, анын тегерегинде талкуу улантылган.

1949-жылдын 3-июлунда Фрунзе шаардык депутаттар Кеңешинин аткаруу комитети, шаардык архитектордун уруксаты жок борбор калаада ларёк, киоск, будка жана павильондордун орнотулушуна тыюу салды.

Бу күнү, архитекторлордун дүйнөлүк күнү белгиленип, 1928-жылы АКШда биринчи телевизор чыгарылып, 1883-жылы таанымал жазуучу Вальтер Вениамин Франц Кафка жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG