Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

ДЕПУТАТ ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВДИ ЧАКЫРТЫП АЛУУ АКЦИЯСЫНЫН АРТЫНДА КИМ ТУРАТ?


Ушу тапта Жалалабат облусунда экс-спикер Өмүрбек Текебаевди депутаттыктан чакыртып алуу иш-чаралары улантылып жатат. “Ата мекен” партиясынын өкүлдөрүнүн айтымында кол топтоолор мыйзам бузуулар менен коштолууда жана бул акциялардын артында бийлик турат. Мындай айыптоону кол топтоочулар четке кагышты. Алар Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу үчүн 12 миңден ашык кол топтолгонун билдиришти.

Өмүрбек Текебаевди депутаттыктан чакыртып алуу штабы Базаркоргон районунда шайлоочулардын демилгеси менен май айында түзүлгөн. Штабдын башчысы Төрөкан Алимовдун айтымында, депуттыктан чакыртып алууга экс-спикердин шайлоочулардын ишенимин актабай, Бишкекте митинг уюштуруп, бийликке тоскоолдук кылганы себеп болгон:

- Мамлекетти куруунун ордуна пикет, митинг өткөрүү менен элдин маанайын бузуп атышат. Текебаевдин бүгүнкү күндө бийликке каршы жасап жаткан мамилеси элге жакпайт. Жергиликтүү бийлик жардам берүүнүн ордуна, тескерисинче, туура эмес, адамдардын аң-сезимине ылайык келбеген антидемократиялык сөздөрдү сүйлөө менен бизге тоскоолдук көрсөтүп атат.

Штабдын 25 мүчөсү менен Текебаев депутат болгон Акман шайлоо округундагы ыктыярдуулар 12 миңден ашык кол жыйнаган. 4-июлда кол топтоо Ноокен районунда улантылганын жана жыйналган колдор сейфте сакталып турганын штабдын өкүлү Акрам Сатиевден уктук:

- Ошол иш боюнча азыр Базаркоргон жана Ноокендин эли кол топтоп жүрөбүз. Жакынкы күндөрдө биз Текебаевди чакыртып алабыз.

Анткени менен “Атамекен” партиясынын маалыматы боюнча кол топтоо өнөктүгүндө мыйзамга сыйбаган алешемдиктер бар. Партиянын өкүлү Кубатбек Артыков кол жыйнагандар чыныгы максатын жашырып, шайлоочуларды “президент менен депутатты сүйлөштүрүү жана өлкөдө стабилдүүлүктү сактоо үчүн кол койгула” деп алдаганын байкаган. Ал райондогу “Бешик жон” айылында кармалган 15 жарандын аты-жөнү менен паспорттук маалыматтары толук жазылбаган документти көрсөтүп, "кол топтоонун артында “бийлик турат” - деп айтты.
Жогоркудай ыкма менен Өмүрбек Текебаевдин эл арасындагы бедели бийиктеп жатканын белгиледи:

- 15 киши коюптур колун, бирок паспорту жана аттары жазылган эмес. Бул кишилердин кээ бирине барсаң бардыгы бир кол менен жазылган, бир үйдөн 4 кишини жазган учурлар да катталган. Бири айтат, апам ооруп атат, кол койсоңор жардам беребиз, доктурга көргөзөбүз деген экен, ошондуктан кол коюп бериптир.

Шайлоочу Адылбек Закировдун жүйөөсү боюнча Текебаевге каршы аракеттер тынчтыкты бүлдүрүүсү ыктымал. Өмүрбек өңдүү оппозициячыл маанайдагы адамдар өлкөнүн өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет:

- Өлкөдө жүргүзүлүп аткан саясат туура. Черчилль айткан, оппозиция болбосо аны жаратыш керек деп. Демократия болгондон кийин оппозиция сөзсүз түрдө болуш керек.

Губернатордун биринчи орунбасары Жаныш Курбанов бийлик депутатты чакыртып алууга кызыкдар эмес экенин билдирди:

- Текебаевге кол топтоо боюнча биздин эч кандай көрсөтмөбүз жок. Биз ага киришпейбиз, укугубуз да, акыбыз да жок, - деп айтты бийлик өкүлү Жаныш Курбанов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG