Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ ИРИҢДЕГЕН ЖАРАНЫ КЕСИП ЫРГЫТУУГА УБАКЫТ КЕЛДИ

Кыргызстанда Билим, илим жана жаштар саясаты министрлиги билим берүүнүн сапатын колдон чыгарып жиберген окуу жайлардын экономикалык, юридикалык жана медициналык адистерди даярдаган филиалдарын, факультеттерин жабуу жөнүндө чечим кабыл алды. Ошондой эле ондогон окуу жайлар аталган адистерди даярдоого берилген лицензиясынан ажыратылды. Билим, илим жана жаштар саясаты министрлиги жогорку окуу жайларды комплекстүү текшерүүнүн натыйжасында көп окуу жайларында билим сапаты мыйзамдык талаптарга жооп бербей турганын аныктап чыккан.

4-июльда Билим, илим жана жаштар саясаты министрлигинин жогорку окуу жайларды комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгын караган коллегиясы бир катар университет, институттарда экономикалык, юридикалык жана медициналык адистерди даярдоо мыйзамдык талапка жооп бербейт деген чечимге келди. Коллегия чечимине ылайык бери дегенде эле он окуу жайында экономисттерди, юристтерди жана медиктерди даярдаган факультеттер жабылууга тийиш, дагы бир топ окуу жайлары лицензиядан ажыратылды. Алардын арасында Улуттук университеттин Оштогу филиалы, Эл аралык университеттин укук жана бизнес институту, Кыргыз-өзбек университетиндеги, Жалалабаттагы Элдердин достугу университетиндеги, Жалалабат мамлекеттик университетиндеги медицина факультеттери, Жалалабаттагы Социалдык-гуманитардык институт бар. Билим, илим жана жаштар саясаты министри Досбол Нур уулунун айтымында аталган окуу жайлар материалдык кызыкчылыктын артынан кууп, билим берүүнүн сапатын ойлошкон эмес.

-Шарты бар же жок экенине карашпай, өлкөнүн булуң-бурчуна, калкы көп айылдарга чейин университет-институттардын филиалдарын ачышкан. Мындай саясаттан ректорлордун үй-бүлөсүнүн гана багы ачылып, ал эми калган калың профессордук окутуучулук жамааты арзыбаган маяна менен кур жалак алышып, студенттер жетишерлик билимге ээ болбой, ата-энелер менен бирге университеттин саан уйуна айланышкан,- деп баса белгиледи министр Досбол нур уулу.

Мамлекет жапканы жаткан окуу жайларда, факультеттерде болочокто юрист, экономист, медицина адистигине окуп аткан көп миңдеген студенттер бар. Экономикалык багыттагы факульттеттерди жабуунун натыйжасында эле 60 миң студенттин тагдыры жөнүндө маселе келип чыгат. Ошон үчүн парламент депутаты Бектемир Мурзубраимов коллегияда сүйлөгөн сөзүндө окуу жайлардын бөлүмдөрүн жабууну этият жүргүзбөсө социалдык толкундоолор чыгышы мүмкүндүгүн эскертти :

-Жабыла турган адистиктер, факультеттер, филиалдардын тагдыры тигил же бул деңгээлде шаарларда же айылдарда стабилдүүлүктүн бузулушуна алып келиши мүмкүн.

Жабыла турган окуу жайлардын, филиалдардын, факульттердин студенттерин билим берүү министрлиги башка окуу жайларга которуп алып даярдаган жатат. Социалдык нааразылык чыкпас үчүн министрлик студенттер кандай шартта окууга кабыл алынса алар которулган окуу жайда ошол шарттардын бардыгы бузбай сакталарын билдирүүдө.

Кыргызстан эгемендикке жеткен 90-жылдардын башында Кыргызстанда 13 окуу жайында 58 миң студент окуган. Андан берки өткөн 15 жыл аралыгында өлкөдө жогорку окуу жайлар көп ачылып, алардын саны филиалдарын кошуп алганда 139 га жеткен, студенттердин саны 230 миңге чейин өскөн. Бирок, саны арбыган менен билим берүүнүн сапаты абдан төмөн түшүп кеткен. Март революциясынан кийин келген өкмөт эми сандык көрсөткүчтү сапаттык жагынан тууралаганга киришип отурат.
XS
SM
MD
LG