Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ ТҮНДҮК КОРЕЯНЫН ЖҮРҮМ-ТУРУМУН КАРАЙТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Бүгүн Түндүк Корея жетинчи ракетасын сынооодон өткөрдү. Япониянын Киодо агенттигинин маалыматына караганда, ал ракетанын үлгүсү жана кайсы тарапка чыгарылгандыгы жөнүндө айтылбайт. Американын чалгындоо агенттигинин маалыматына караганда, түн ичинде алты ракета учурулган. Алардын бешөө орто алыстыкаа учуучу ракеталар жана бирөө континеттер аралык ракета болгон. Ракеталардын баары Япон деңизине түштү.

Бүгүн Эртең менен Түндүк Корея жетинчи ракетасын учуруп, япон деңизине түшүрдү. Бирок сыноолор дагы эле соңуна чыга элек шекилдүү. Континеттер аралык ракета абада бир мүнөткө жетпеген убакыт болгондон кийин, деңизге кулап түштү.

Ракеталык сыноо эл аралык коомчулукту абдан камтама кылды. АКШ менен Россия бул сынооону провокация деп аташса. Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши чукул жыйынын чакырды. Түштүк Кореянын жетекчилиги бул сыноолор Түндүк Корей өлкөсүн дүйнө коомчулугунан ого бетер обочолонтуп, жарым аралда кооптуу абалды түзүп жатканын билдирди. Ал эми Япония болсо түндүк Корей кемелерине япон портторуна кирүүгө алты айга тыйуу салып, эгерде сыноолор токтотулбаса, түндүк Кореяга каршы экономикалык санкцияларды киргизүүгө кесенди.

Россия болсо Түндүк Кореянын сынооолору анын ядролук программасынын айланасындагы маселелерди ого бетер чийелентип жатат, деп сынга алды. АКШнын Япониядагы элчиси Томас Шиифер буларды билдирди:

"Биз муну провокация деп эсептейбиз жана сыноолор токтотулат деген үмүттөбүз. Бул тышкы саясий максаттарга жетүүнүн жолу эмес. Пхеньяндын бүгүнкү сыноосу өтө коркунучтуу нерсе жана биз бул маселени Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин күн тартибине койобуз",- деп билдирди.

Ал эми Россиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Михаил Камынин Түндүк Кореянын бул аракеттери эл аралык коомчулуктун өз ара түшүнүүсүнө жолтоо болуп жатат деп билдирди.

Түндүк Кореянын коммунисттик бийлиги бул ракеталык сыноо менен эмне максатты көздөп жатканын белгисиз. Бирок ал сыноо АКШнын көңүлүн өзүнө бурууга эң ыңгайлуу убакытта өткөрүлүүдө. 4-июлда Америка Улуттук көз карандысыздык күнүн белгиледи. Ошол эле күнү АКШнын дисковери космостук кемеси учурулду.

Австралиянын премьер министри жон Ховард Түндүк Корея бул сыноо менен өзү белгилеген мораторийди бузуп жатканын белгиледи.

Түндүк Корея сөз болуп жаткан мораторийди мындан бир нече жыл мурда өз ыктыяры менен киргизген. Бирок ан үчүн Америка Кошмо Штаттары ага жеңил суу менен иштей турган атомдук реакторду курууга жардам берип,Түндүк Кореянын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн аны менен сүйлөшүү стөлүнө олтурууга тийиш болучу. Бирок бул шарттарды АКШ аткарган жок. Пхеньяндын ядролук программасына байланыштуу алты тараптуу сүйлөшүүлөр да эч кандай натыйжа берген жок.

XS
SM
MD
LG