Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР ПУТИНГЕ СУНУШТАРЫН АЙТЫШТЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 4-июлда бейөкмөт уюмдардын 700дөн ашык делегаты Москвада президент Владимир Путин менен жолугушуп, Чоң Сегиздик өлкөлөрүнүн алдыда боло турган саммитине өз сунуштарын киргизишти. Бейөкмөт уюмдар Чоң Сегиздик өлкөлөрүн социалдык, экологиялык жана адам укуктары проблемаларына көңүл бурууга үндөштү.

Форумда чыгып сөз сүйлөгөн Эмнести Интернешнл уюмунун баш катчысы Ирене Кан бейөкмөт уюмдардын глобалдык ченемде чоң роль ойной баштаганына жогору баа берип, алардын ВИЧ-СПИД инфекциясына жана жакырдыкка каршы күрөштө, жерди миналардан тазалоо ишинде ири салымы бар экенин баса белгиледи. Ошону менен бирге эле Ирене Хан өкмөттөрдүн терроризмге каршы күрөшүнүн капшабында адам укуктары маселеси, дегеле бейөкмөт уюмдардын иши көз жаздымда калып жатканын сынга алды.

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Путин менен орус өкмөтүн маалымат каражаттарынын эркиндиги менен жарандык коомдун ишине кедерги болуп жатат деп айыпташты. Европа Кеңешинин качкындар жана эмигранттар маселелери боюнча өкүлү Клэр Риммер Россияга жана Иракка кайрылып, Чеченстан менен Ирактагы согуштар адам укуктарын бузууларга алып келип жатат, деп айыптады:

"Чеченстан менен Ирактагы куралдуу жаңжалдар адам укуктарынын абалына залакасын тийгизип, камтама кылууда. Өкмөт тарабынан кетирилип жаткан укук бузуулар террорчулукка өбөлгө түзүп, коопсуздукту солгундатууда. Ошон үчүн биз Чоң Сегиздик өлкөлөрүнө кайрылып, антитеррордук мыйзамдарды кайрадан карап чыгууга үндөйбүз",- деп айтты Риммер.

Путин мындай сын-пикирилердин айрымдарын четке кагып, согуш жана жаңжалдар болуп жаткан жерлерде укук бузуулар болбой койбой тургандыгын белгиледи. Ошону менен бирге эле ал Чеченстан боюнча сын пикирлерге жооп берип, Чеченстанда аскердик аракеттер жүргүзүлбөгөнүн билдирди.

"Чеченстанда аскердик аракеттер жүргүзүлгөн жок. Арийне, ал жерде террорчулардын айрым бир аракеттери орун алууда, бирок аскердик аракеттер жүргүзүлгөн жок. Ал жерде Россиянын башка жерлериндегидей эле аскерлерибиз бар, алар өз вазыйпасын аткарууда" ,- деп айтты Путин.

Ошону менен бирге эле Путин бейөкмөт уюмдар жөнүндө Россияда кабыл алынган жаңы мыйзам үчүн сынга алынды. Мыйзам боюнча бийликтер Россиянын коопсуздугуна шек келтирип жатат, деген уюмдардын ишин токтотуп койгонго укуктуу. Эмнести Интернешинел уюмунун өкүлү Ирене Кан ал жетектеген уюм башка уюмдар жана өкмөт менен бирдикте диалог жүргүзүп, бул мыйзамдын кантип ишке ашырыла турганына көз салууга ниеттүү экенин айтты.

XS
SM
MD
LG