Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

“ДИСКАВЕРИ” АЧЫК АСМАНГА КӨТӨРҮЛДҮ


Төрөкул Дооров, Прага Кошмо Штаттардын Флорида штатынан “Дискавери” космостук кемеси ийгиликтүү учурулду. Кемеде жалпысынан жети космонавт бар. Алар Эларалык космос станциясына жүк алып барышат жана жаңы техниканы орнотушат.

Ошентип, соңку күндөрү аба-ырайынын начардыгынан эки жолу учурулушу артка жылдырылган “Дискавери” космостук кемеси ачык асманга көтөрүлдү.

“Дискавери” чөлмөгүн учурган америкалык космос агенттиги - НАСАны - соңку бир топ жылдан бери кеменин күйүүчү отун сакталган бөлүгүндөгү проблемалар тынчсыздандырып келген. Ал жерде кеменин сырткы кыртышында тешик пайда болуп, ал келтирчү кесепет бир топ эле опурталдуу болушу мүмкүн экенин буга чейинки кайгылуу окуя да бышыктап турат.

Анткени үч жыл мурда “Колумбия” космостук чөлмөгү жерге конуп жаткан учурда анын дал ушул капталындагы кыртышы сыйрылып, ал жерге аба кирип калган да, кеме кыйрап түшкөн, чөлмөктөгү жети астронавт мүрт кеткен.

Былтыр “Дискаверинин” да кыртышында жарака кеткени белгилүү.

Эки күн мурда, 4-июлда, космоско көтөрүлгөн “Дискаверинин” капталында да билинбеген өтө кичине жарака бар экени видеого тартылып алынды.

Бирок шаттл программасынын жетекчиси Вейн Жейл буга көп камтама болуунун кажети жок деп эсептейт.

- Кеме асманга көтөрүлгөндөн 2 мүнөт 47 секунд өткөндө, кеменин капталында майда 3-4 кыртыш сыйрылып кеткенин көрдүк. Бул муз болушу мүмкүн, а балким, дагы башка нерсе болушу ыктымал. Анан төрт мүнөттүн ичинде дагы бир жерде 1-2 майра кыртыш сыйрылганын көрдүк. Бул өтө кызык, анткени мунун баары биз шаттлга коркунуч келиши мүмкүн деп кабатырланган убакыттан кийин болду, - дейт Шаттл программасынын жетекчиси Вейн Жейл.

Кечээ кемедеги жети астронавт чөлмөктүн эң азиз жерлерин жакшылап текшерүүнү башташты.

Бүгүн “Дискавери” Эларалык космос станциясына туташып, жүктү жеткирет. Андан сырткары, алты ай ошол станцияда боло турган германиялык астронавт Томас Ройтерди жеткирет.

Андан соң 12-13 күндүн ичинде кеме кайра жерге конушу керек.
XS
SM
MD
LG