Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:36

6-ИЮЛДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1856-жылдын бу күнү казактардын улуу жүз приставы, полковник М.Хоментовский, орус администрациясынын кыргыздын бугу, сарыбагыш жана солто уруулары менен болгон мамилеси жөнүндө билдирүү жөнөткөн. 1939-жылы Дреев атуу жыгач уста борбор шаардын этегиндеги Старая Покровка айлынан IX-XI кк. таандык чынжыр зоот таап алган.

1856-жылдын бу күнү казактардын улуу жүз приставы, полковник М. Хоментовский, өзүнчө Сибирь корпусунун командири Г. Х. Гасфордго билдирүү жөнөткөн. Билдирүүдө орус администрациясынын кыргыздын бугу, сарыбагыш жана солто уруулары менен болгон мамилеси кабарланат. Приставдын билдирүүсүнө караганда улуу жүз казактары солто уруусуна барымтага барып, андан кагылыш чыккан жана солто манабы туткундалган.

1939-жылы Дреев атуу жыгач уста борбор шаардын этегиндеги Старая Покровка айлынан IX-XI кк. таандык чынжыр зоот таап алган. Сегиз килограмм чамалуу зоот эскилигине карабастан жакшы сакталып, анын чынжыр шакекчелери бир сантиметрдик диаметр тыкыздыкта жасалган.

1939-жылдын 6-июлунда Кыргызстан КП Борбордук комитети «Колхоз машине пайдаланчу сугат суусун ысырап колдонууга каршы чаралар» аттуу Токтом кабыл алган. Токтомдо чарбаларда орун алган сууну ысырап пайдалануу көрүнүштөрү катуу сынга алынып, сугат адегенде колхоз үчүн берилип, андан кийин барып адамдардын бакчаларына бөлүнүш тартиби такталган.

1945-жылдын 6-июлунда Фрунзе шаарынын Токтогул көчөсүндө жашаган Бегельдиновдордун үй бүлөсүнө партиялык жооптуу кызматкерлерден турган топ келген. Алар аскер учкучу Талгат Бегельдиновдун Улуу ата мекендик согушта көрсөткөн эрдиги экинчи «Алтын жылдыз» медалы жана Советтер Союзунун баатыры наамы менен сыйлангандыгын кабарлашкан.

1994-жылдын 6-июлундагы президент Аскар Акаевдин жардыгына ылайык эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп генерал-майор Т. Молдобаев генералдык наамынан ажыраган. Президенттин жардыгында Т. Молдобаев Кыргыз Республикасынын Куралуу күч офицерине мүнөздүү жогорку наамды булгап, кол астындагы кызматкерге кол кайрып аскер уставын бузгандыгы үчүн жазалангандыгы белгиленет.

Бу күнү, 1687-жылы атактуу физик Исаак Ньютон ааламдык тартылуу теориясын Лондон шаарында жарыя кылып, 1919-жылы британиялык дирижабль Атлантика океанын кезип, 1912-жылы Стокгольмдо V Олимпиада ачылып, дүйнөлүк коомчулук өбүшүү күнүн белгилейт.
XS
SM
MD
LG