Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ ТҮНДҮК КОРЕЯНЫ АЙЫПТАДЫ


Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Кореянын жакында ракета учурушун бир ооздон айыпташты. Ошол эле убакта Кытай менен Орусия Пхенянга санкция колдонууну караган эскертүүнү колдошкон жок.

Жапония жана АКШнын талабы менен шаршембиде өткөн жабык жыйында Коопсуздук Кеңеши Түндүк Корея жүргүзгөн ракеталык тажрыйбага "терең тынчсыздануу" билдирди. Жапания киргизген резолюциянын долбоорунда Түндүк Кореядан баллистикалык ракеталарды жасап, тестирлеп, жайгаштырып жана жайылтуудан дароо баш тартып, ракета учурууга мораторийди сактоосу талап этилет.

Түндүк Кореянын провокациясына байланыштуу бул өтө олуттуу маселе,- деп айтты АКШнын БУУдагы элчиси Жонн Болтон. Анын пикирин Британия менен Франция колдоду. Ушул эле күнү АКШнын президенти Жорж Буш сабырдуу пикир билдирди, бир жума мурда ал ракета учурууну кабылдоого болбойт деп кесе сүйлөгөн эле. Ал эми Ак үйдүн маалымат катчысы Тони Сноу учурда дипломатиялык аракеттер жүрүп жаткандыгын бышыктады:

Биз союздаштар менен Түндүк Кореяны кантип сүйлөшүү стөлүнө кайтаруунун үстүнөн иштеп жатабыз,- деди ал.

Ал эми Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин учурулган ракетанын сыныктары Орусиянын аймагына жакын түшкөндүгүн белгилеп, ошол эле учурда Пхенянга тең салмактуу мамиле керек экендигин эскертти:

- Биз көздөгөн максатыбызды унутпашыбыз керек. Ошондуктан мен силерди ашыкча катуу кеткенден сак болууга чакырам. Биздин максат азыр- алты тараптуу сүйлөшүүнү баштоо жана кырдаалды дипломатиялык жол менен жөнгө салуу.

Чукул жыйындан кийин элчи кабарчыларга санкция киргизүүгө караманча каршы экендигин бышыктады. Түндүк Корея 1998-жылы Жапониянын Хокайдо аралынын үстүнөн ракета учурган эле, анда ракета Жапон деңизине келип түшкөн. Бирок Жапониянын БУУдагы баш өкүлү азыркы жети катар өткөрүлгөн тажрыйбаны мурункусунан кыйла кооптуу окуя деп мүнөздөдү.

Алты тараптуу сүйлөшүүлөр Түндүк Кореянын ядролук куралга ээ болуу далалатын тизгиндөөнү максат кылат, ага Кытай, Орусия менен катар, Түштүк Корея, Кошмо Штаттары жана Түндүк Корея тартылган. Сүйлөшүүлөр өткөн күздө Кытайдын Макау банкындагы Түндүк Кореянын акча каражатын тоңдурууну Кошмо Штаттары талап кылгандан кийин токтоп калган эле.

XS
SM
MD
LG