Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

7-ИЮЛДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1869-жылы Ысыккөлгө куйган Каракол суусунун жээгинде Каракол аталыштагы европалык типтеги шаар түптөлө баштады. 1950-жылдын бу күнкү партия пленумунда Исхак Раззаков Кыргызстан КП (б) БКнын биринчи катчылыгына шайланган.

1869-жылы Ысыккөлгө куйган Каракол суусунун жээгинде Каракол аталыштагы европалык типтеги шаар түптөлө баштады. Шаар долбоорун орус офицери А. Каульбарс баштаган аскер топографтары түзүшүп, алардын көз карашында жаңы шаар көлгө ыктаган порт-шаар болмок. Бирок 1887-жылкы катуу жер титирөөдөн улам, порт-шаар идеясы бузулуп, Караколдун курулушу көлдөн 6 чакырым алыстыкка жылдырылган.

1864-жылы падышалык бийлик Чу дарыясынан тарта, Сырдарыядагы Йаны-Курган чебине коргонуу чегин куруу чечимин чыгарган. Ал Жаңыкокон чеги деп аталып, жетекчилик Черняевге жүктөлгөн. Ал да буга чейинки жеңил жеңишке ынанып, Орто Азиядагы басып алууларды андан ары илгерилетүү максатында ушул жылдын 7-июлунда Олуяатадан чыгып, Чымкентти карай жортуулга чыккан.

1930-жылы Лебединовка кыштагынан жергиликтүү христиан-несториандарга таандык эстелик табылган. Баалуу табылга арык казуу маалында чыгып, кыргызстандык археологдордун изилдөөсүнөн кийин тарыхый эстелик катары борбордук музейге алынган.

1950-жылдын бу күнкү партия пленумунда Исхак Раззаков Кыргызстан КП (б) Бкнын биринчи катчылыгына шайланган.

1958-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу америкалык жогорку окуу жай окутуучуларынан турган делегация Кыргыз мамлекеттик университетине келишти. Алар кыргызстандык окумуштуулардын өтүнүчү боюнча университетке «Британиялык энциклопедияны» белекке беришкен. Бирок КГБ кызматкерлери энциклопедиянын ар бир томун барактап текшергендиктен, британиялыктардын белеги университет китепканасына бир канча жылдан кийин барып түшкөн.

Бу күнү, 1959-жылы Бурятия Россия империясынын курамына алынып, 1887-жылы живописчи Марк Шагал, 1924-жылы физиолог Наталья Бехтерова жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG