БИШКЕК. Бул тууралуу топтун башчысы, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров билдирди. Жумушчу топ үч түрдүү бийлик системасына ылайыкташтырылып жазылган Конституциянын долбоорлорун июнь айында президентке тапшырган. Бирок, алар сынга алына баштады. Маселен, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов долбоорлор дээрлик сабатсыз жазылганын билдирүүдө.
Конституциянын долбоорлорун жазгандар 10-июлдан район борборлорунда түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштайт