Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:54

ЯПОНИЯ ТҮНДҮК КОРЕЯГА САНКЦИЯ КИРГИЗҮҮНҮ КАРАШТЫРГАН РЕЗОЛЮЦИЯ ДОЛБООРУН СУНУШ ЭТТИ


Токио ушул аптанын башында ракета сынактарын өткөргөн Пхеньянга каршы санкция киргизүүнү жактайт. Кечээ 7-июлда Япониянын БУУдагы элчиси Кензо Ошима Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө резолюциянын долбоорун сунуш этти. Эларалык коомчулук азыркы кырдаал олуттуу экенин бир добуштан белгилегени менен, документ дүйшөмбүгө чейин каралбайт көрүнөт.

Жума күнү Ошима мырза документ мүмкүн болушунча тезирээк колго салынууга тийиш деп белгиледи:

- Мен дагы 3 өлкө - АКШ, Франция жана Улуу Британия менен биргелешип жазылган резолюциянын текстин Кеңештин кароосуна тапшырдым. Төрагадан бул маселени кечиктирбестен кароону суранып, документ боюнча добуш берүү 8-июлда өткөрүлсүн деген кааломду билдирдим, бирок, албетте, ал консультациялардын жүрүшүнө жараша болмокчу.

Шаршембиде Түндүк Корея 7 ракетасын, анын ичинде алыска, Аляскага чейин жетүүгө кудуреттүү “Таеподонг–2” ракетасын учурган.
Муну менен Пхеньян 2003-жылдан бери созулуп келаткан кризисти ого бетер курчутту. 3 жыл илгери Түндүк Корея өз убадасына турбай, өзөктүк технологияларын өнүктрүүнү улантуу жөнүндө жарыялап, “Ядролук куралды жайылтпоо келишминен” чыгып кеткен.

7-июлда Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Түндүк Кореянын сыноолорун мындайча комментариялады:

- Түндүк Кореянын лидери Ким Ир Чен курал программасынан баш тартып, ракета сынактарын токтотууга тийиш. Муну менен ал өз элине жардам бермекчи. Менимче, ал тандоонун алдында турганын бир эле өлкө эмес, бардыгыбыз бир добуштан түшүндүрүшүбүз керек.

Ушу тапта региондо АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы, Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү өкүлү Кристофер Хилл жүрөт. Ал Пхеньянга кандай жооп кайтарылышы керектигин талкуулап жатат. Көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандантуу Түндүк Кореяга кысым көргөзүүнүн эң жакшы жолу болмокчу. Япония сунуш эткен резолюция болсо вето укугуна ээ Россия менен Кытайдан колдоо табаары күмөн.

- Аталган документ колго салынса, Коопсуздук кеңеши орток пикирге келе албаары анык , - деп билдирди Бээжиндин БУУдагы элчиси Ванг Гуангуа.

Москва дагы эмоцияларга берилбөөгө үндөп келатат. Россиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги Юрий Балуевский жума күнү Мамлекттик Думада сүйлөп, буларды белгиледи:

- Бул ракета учуруулар Россия Федерациясынын аймагына коркунуч келтирген жок. Ошол эле учурда аскерий адам катары айтат элем, ушундай сынактар маалында, Түндүк Кореянын техникалык деңгээлин эске алганда, бардыгы болушу ыктымал. Ракеталар контролдон чыгып, багытын өзгөртүшү мүмкүн.

Пхеньян болсо сынактар өлкөнүн коргонуу кубатын арттыруу максатында өткөрүлдү деп ырастоодо.

XS
SM
MD
LG