Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

КӨП ПАРТИЯЛУУЛУК БАШКАРУУ ҮМҮТТҮ АКТАЙБЫ?


7-июлда Жалалабатта партиялардын шайлоолорго катышуу укуктарына арналган талкуу болуп өттү. Ага саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын облустагы өкүлдөрү катышты. Талкууну “Асаба” партиясы уюштурду. Жыйында Кыргызстан боюнча 82 партия каттоодон өткөнү менен элетте алардын таасири дээрлик жок экендиги айтылды.

Жыйында сүйлөгөн “Асаба” партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева партиялар шайлоого катышпагандан көп нерседен уттурдук деди. Анын айтымында парламенттик шайлоо партиялык тизме менен өтпөгөндүктөн мыйзамсыздыктар көп болду. Ал эми бийлик менен парламентте аялдарга орун тийген жок. Р. Отунбаеванын маалыматы боюнча 82 партия каттоодон өткөнү менен аларга жаштар менен аялдар аз кирүүдө:

- Парламентте да, өкмөттө да, бир да губернатор, бир да аким аял жок. Мындай абал абдан өкүнүчтүү. Ошондуктан биз азыр партияга аялдарды тартышыбыз керек.

“Сабырдуулук” корунун облустагы менеджери Асылбек Кочкорбаевдин пикири боюнча партиялар бүтүндөй республиканын эмес, бир адамдын же аймактын кызыкчылыгын көздөө максатында түзүлүп калып жатат. Ошондон улам партиялар өлкөнүн өнүгүшүнө жардам бере турган маселелерди чечүүнүн жолдорун билишпейт.

Асылбек Кочкорбаев “партиялык тизме менен өтөөрү күтүлүп жаткан шайлоодо элдин жакырчылыгынан кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү пайдаланып кетиши ыктымал” деп чочулады:

- Бүгүнкү күндө бир кишинин гана, же топтун кызыкчылыгы эмес, жалпы Кыргызстандын келечеги үчүн талаптарды алып чыккан партиялар болуп саналышыбыз керек. Криминалдык топтордогу кишилер мен ушул партияга мынча акча жумшайм, ушул партияны шайлоо компаниясында алып чыгам, бирок, мен ошол партиянын тизмесинде болушум керек деген маселе менен чыгып калса кантебиз. Мени кооптондурганы ошол. Эртеңки күндө бир партиянын тизмеси менен беш-алты криминалдык элементтер Жогорку Кеңеште отурса кантебиз. Кантип ошолорго биз бөгөт коебуз?

“Элмурас” партиясынын облустагы координатору Канышай Мусалиева “партиялык тизме менен өткөрүлгөн шайлоо таза адамдардын тандалышына жол ачат” - деп эсептейт:

- Биринчиден, ошол жерге аялдар көбүрөк бармак. Себеби партия системасы демократиялык болмок. Акчасы бар адамдар акчасын чача бербестен, партия системасы менен өзүнүн деңгээли жогорку адамдар барганы туура болот болуш керек.

Коомчулук көпчүлүк партиялардын иш-аракеттеринен кабарсыз. Жалалабаттын тургуну Абдилазиз Сатаровдун айтымында “ишеничтин жоктугунан жаштар партияларга кирбей жатышат. Эки дипломдуу болсо да жумушка орношо албаган айрым жаштар аргасыздан Орусияда иштеп жүрүшөт. Аларга бир да партия камкордук көрөлек

- Партияларга азыр ишенич кетти. Партияда иштегендер отуруп алып мактанышат, биздин партия келечекте мындай жумуштарды жасап жиберет деп. Ушул маалга чейин жакшы иштеген бир дагы партияны көрбөдүк. Кечектеги жаштарга эмне кылып берип атат? Бир эмес 3 дипломдуу жаштар Орусияга барып жүк жүктөөчү болуп иштеп атышат. Биринчиден, ошол жаштарды жумушка тартыш керек эле. – деп айтты Абдилализ Сатаров.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG