Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

ИРКУТСКИДЕ УЧАК КЫЙРАП, КЕМИНДЕ 150 КИШИ КУРМАН БОЛДУ


Иркутскиде 200 киши менен келаткан "Аэробус" учагы кыйрап, кеминде 150 киши курман болду. 50 чакты киши ооруканада. Курмандыктардын көбү Байкал көлүнө эс алууга бараткан улан-кыздар экендиги кабарланууда.

Орусиялык бийликтердин маалымдашына караганда, нөшөрдөн кийин конгон учак аба майданындагы кончу жолдон чыгып, бетон дубалды барып сүзгөндөн кийин өрттөнүп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча азырынча курман болгондордун арасында Кыргызстандын атуулдары жок, иликтөө иштери улантылууда.

XS
SM
MD
LG