Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

ИЗРАИЛ ГАЗА ТИЛКЕСИН КАЙРА БОМБАЛАДЫ


Жаныл Жусупжан, Прага Палестин өкмөтү Израилге элдешүүнү сунуш эткен эле. Бирок, Израил бүгүн Газа Тилкесин бомбалоону улантты. Палестин ракеталары да Израилдин аймагына түшүп жатат.

Израил палестин өкмөт башчысы Исмаил Ханиенин элдешүү чечимин четке каккандан кийин ортодогу куралдуу тиреш кайра күчөдү. Израил армиясы Газадан атылган эки ракета Израилдин Сдеров шаарына келип түшүп, үч кишини жарадар кылгандыгын маалымдады. Бул үйдө жашаган Хен Охайон Ройтерс сыналгысына: "Катуу добушту уктум, баарын түтүн каптады. Эки үйдө тамдын шыбы кулап түштү. Агам жерде жатыптыр" деп ракеталык чабуулдун кесепетин ушундайча сүрөттөдү.

Израилдин соңку жарым айдан берки чабуулдарында 50 чакты палестин, жана Израилдин бир аскери набыт болду. Израил 28-июнда бир аскеринин барымтага алынышына ушундайча жооп кайтардууда. Палестин тараптан курмандыктардын көбү согушчандар болгону менен, палестин булактары кечээки бомбалоодо Газа шаарында алты жашар кыз, анын 20 жаштагы агасы жана алардын энеси жан таслим болгондугун билдиришүүдө.

Израилде калктын көбү өкмөттүн бул кризисте туура эмес жолду тандап алгандыгын айтышууда. Йерусалимдин тургуну Анита Клоуснер Ройтерске сүйлөшүү жолу менен гана туңгуюктан чыгууга болоорун билдирди:

- Азыркы кырдаалда биз көптөгөн аскерлерибиздин өмүрүнө коркунуч келтирип жатабыз. Бирок мындан абал оңолуп кетпейт, кризистен бир гана бетме-бет сүйлөшүп, арачылар аркылуу чыгыш керек.

Арийне, Израилдин өкмөтү өз аскери бошотулмайынча элдешүү жөнүндө сөз да болбойт деген билдирүү таркатты.

Ал эми палестин жергесинде калк Израилдин операцияларын бир ооздон айыпташууда. Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан Израилден Газа тилкесинде гуманитардык кризиске жол бербеш үчүн чукул чара көрүүнү талап кылды. Ал Газада электр бекети, ооруканалар, тегирмен, суу жана таштанды түтүктөрү талкаланып жаткандыгын эскертип, израил өкмөтүн аларды тез арада калыбына келтирүүгө чакырды. Кечээ израил аскерлери Газа тилкесинин көп бөлүгүнөн чыгарылды, бирок аскерлер аймактын түштүк аймагында кала берип жатышат. Бир катары Газа шаарынын чет-жакасына жайгаштырылды.

XS
SM
MD
LG