Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

ЧЕЧЕН ЖИКЧИЛЕРИНИН ЛИДЕРИ ШАМИЛ БАСАЕВ НАБЫТ БОЛДУ


Төрөкул Дооров, Прага. Орусияда чечен сепаратисттеринин башчысы Шамил Басаев орус аскерлеринин атайын операциясы учурунда өлтүрүлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБнын) төрагасы Николай Патрушев билдирди. Ал президент Путинге бул тууралуу кабар жеткирип жатып, Басаев дүйшөмбү күнү таң эртелеп Ингушетияда жок кылынганын айтты. Президент болсо Басаев буга чейин Бесландагы, Буденновсктогу карасанатай иштери үчүн “татыктуу жаза” алды деп белгиледи. Чечен жикчилеринин өкүлү Басаевдин өлүмү эгемендик үчүн күрөштү токтотпой турганын айтты. Кремлге ык алган чечен президенти Алу Алханов болсо “Басаевдин өлүшү Чеченстанда террорго каршы операцияны дээрлик жыйынтыктайт” деп эсептейт.

Басаевдин өлтүрүлүшү орусиялык атайын кызматтар чечен козголоңчуларына каршы жасаган эң коркунучтуу сокку болду.

Шамил Басаев барган сайын каршылык көрсөтүүнүн башкы фигурасына айланган. Андыктан кечээ анын өлгөндүгү жөнүндө кабар эми чечен козголоңчулары эң радикал өкүлүнөн жана башкы лидеринен айрылганын күбөлөндүргөн кабар болду.

Дал ушул жаңылыкты кечээ (10-июлда) ФСБнын башчысы Николай Патрушев президент Владимир Путинге биринчи болуп жеткирди.

- Ингушетияда террор чабуулдарын жасоого даярдыктарды көргөн, ошондой эле, аларды жасаган Шамил Басаев жана бир топ кишилер жок кылынды, - деди Патрушев.

Көпчүлүк чечендер үчүн Басаев такыр эле колго түшкүстөй көрүнгөн. 1994-жылы чечен согушу башталгандан бери орус өкмөтү аны кармоого канчалык аракет кылбасын, Басаев бул аракеттерди көзүнө илбей, улам качып кутулууга үлгүрүп турду.

Ал эми орустар үчүн ал терроризмдин эң түрү суук адамына айланды. Басаев Бесландагы мектепте барымта окуясына жоопкерчиликти өзүнө алган. Анда жалпысынан 320 адам өлгөн, көпчүлүгү бели ката элек жаш балдар болчу.

Эми өз өлкөсүндөгү биринчи террорчунун таслим кылынганын угуп, ага сүйүнүп жатса да, президент Владимир Путин чечен жериндеги аскердик аракеттерден баш тартпай турганын айтты. “Террорго каршы күрөш улана берет” деди ал.

- Терроризм келтирип жаткан коркунуч өтө жогору экенин жакшы билебиз. Ошондуктан бул жааттагы оперативдик иштерди эч бошоңдотууга болбойт. Тетирисинче, ишти буга чейинкисинен да күчөтүп, анын натыйжалуулугун арттыруу абзел.

Басаев 2004-жылкы Беслан, же 1995-жылы болгон Буденновск окуялары үчүн кечирим сураган эмес. Буденновскто анын жетекчилигиндеги 150дөй куралчан козголоңчулардын тобу миңден ашуун адамды жергиликтүү ооруканада барымтада кармап турушкан эле. Ал кийин бийликтер менен сүйлөшүп, өзүнүн аскерлерин кайра Чеченстанга чыгарып кетти. Мындай шылдыңды Кремль ага эч качан кечирбейт болчу.

Бул эле эмес, Басаев 2002-жылы Москвада театрдагы барымта окуясын да өзү башкарганын айтты. Анда 129 адам набыт болгону маалым.

Бул аракеттерин Басаев “согуш эми жөнөкөй орусиялыктарга өткөнү” катары түшүндүрдү. Орус аскерлери анын жакын адамдарына каршы мындан да коркунучтуу аракеттерге барганын келтирди. Басаевдин өзүнүн үй-бүлөсүнүн жана чукул жакындарынын ичинен 11и Веден кыштагына орусиялык аскерлер бомба таштаганда набыт болгон.

Шамил Басаев өзү 1965-жылы төрөлгөн кезде анын ата-энеси “уулубуз 19-кылымда орустарга каршылык билдирип турган түндүк кавказдык чоң молдолордун бири, имам Шамилдей киши болсун” деген ниетте аны Шамил деп аташат.

Өзүнүн аскердик жолун алгач орусиялыктар менен бирге баштаган Шамил барган сайын Москва үчүн чоң машакатка айланды. Ал өз учурунда Абхазия Грузиядан көз-карандысыздык үчүн күрөшкөндө орустар (абхаздар) тарапта болгону бар.

Кийин эле чечен согушу башталганда, ал Аслан Масхадов менен бирге орустарга каршылык көрсөтө баштайт. Басаев орустарды бир эле Чеченстандан эмес, дегеле Түндүк Кавказдан кууп чыгууну самап жүргөн. Ал бир жолу минаны басып алып, бутунан айрылгандан кийин да бул максатынан тайган жок.

Чечен жикчилеринин өкүлү боштондук үчүн күрөш улантылаарын айтты.

Арийне, Шамил Басаевдин өлүмүнөн соң чеченстандык жикчилер өтө терең кризиске кабылаары айрым адистер тарабынан жоромол кылынууда.

XS
SM
MD
LG