Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:23

АКШНЫН ЭКИ ДИПЛОМАТЫ КЫРГЫЗСТАНДАН ЭМНЕ ҮЧҮН ЧЫГАРЫЛДЫ?


АКШнын эки дипломаты Каку Кимара менен Пол Политес Кыргызстандан чыгарылды. Мындай маалыматты коопсуздук кызматынын атын атагысы келбеген жооптуу кызматкери да тастыктады. АКШнын элчилигинин маалыматы боюнча, дипломаттарга өкмөттүк эмес уюмдардын лидерлери менен туура эмес байланыштарга барган деген айып коюлган.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги, улуттук коопсуздук кызматы бул окуя тууралуу эч кандай маалымат бере албасын гана кайталоодо. Бейрасмий түрдө болсо, чыгарылган дипломаттар АКШнын атайын кызматынын өкүлдөрү болгону жана алардын Кыргызстандын ички ишине кийлигишкени тууралуу маалыматтарды айтышууда.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги дипломаттар өзүнө тийиштүү эмес иштер менен алектенген деген айыптоолорду төгүндөп, мындай айыптоолор Кыргызстан менен АКШнын мамилесине зыян келтирүүнү каалагандардын кызыкчылыгында экенин билдирүүдө.

«Америкалык дипломаттарды өкмөттүк эмес уюмдардын лидерлери менен туура эмес байланыштарга барган деп айыпташууда. Муну элчиликти коркутуу жана атуулдук коомдун жаагын басуу катары бааласа болот. Кошмо Штаттар кыргыз коомчулугунун бардык катмары менен байланышта болууну уланта берет»,- деп айтылган элчилик тараткан маалыматта.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдардын коалициясынын башчысы Эдил Байсалов дипломаттарга байланыштуу чатакка карата мындай пикирин билдирди:

-Менин оюмча, ушул эки дипломатты айдап чыгаруу менен азыркы бийлик эки максатты коюп жатат. Биринчи максат, бул баягы эле Россиянын көргөзмөсү менен жасалды. Экинчиден, азыркы бийлик бейөкмөт уюмдарга, жалпы эле атуулдук коомго каршы аракеттенип, демөөрчүлөрүңөр болобу, америкалык элчилер болобу, аларга да алыбыз жетет, аларды айдап чыкканга мүмкүнчүлүгүбүз бар деп, бизди коркутууга аракеттенип жатат. Бирок андай кадамдар эч кандай жардам бербейт. Биз кызматташууларыбызды уланта беребиз.

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов дипломаттарга байланыштуу маселе коопсуздук кеңештен сырт өтүп жаткан окуя экенин белгилеп, өз оюн атуудан баш тартты.

«Реформа үчүн» кыймылдын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов дипломаттарга байланыштуу чатак иликтенүүгө муктаж экенин белгиледи.

Бул арада 11-июлда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йовановичтин алгач коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов, андан кийин башкы прокурор Камбаралы Конгантиев менен жолугушканы айкын болууда. Бирок жолугушууларда эмне жөнүндө сөз болгону белгисиз бойдон калууда.

Талдоочулардын пикиринде, Кыргызстан менен АКШнын мамилеси акыркы мезгилде татаал мезгилди башынан кечирүүдө. Буга бир жагынан Кыргызстандын тышкы саясатта Россияга ыктап, Шанхай кызматташуу уюмуна бекем таянышы себепкер болсо, экинчи жактан тараптар Манас аба майданынын ижара акысы боюнча сүйлөшүүнү аягына чыгара албай турушу терс таасирин берүүдө. Ошол эле мезгилде HIPC программасы боюнча да Кыргызстан тышкы иштер министрлиги менен АКШ элчилигинин позициясы карама-каршы келүүдө. Маалым болгондой, элчи Мари Йованович HIPC Кыргызстан үчүн пайдалуу экенин белгилесе, башында Аликбек Жекшенкулов турган тышкы иштер министрлиги ага караманча каршы чыгууда.


Сүрөттө : АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович америкалык дипломаттар Кыргызстандан негизсиз караланып чыгарылганын билдирүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG