Баш мыйзамдын долбоорун башкарууну үч формасы боюнча иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси Азимбек Бекназаровдун айтымында, бийлик өкүлдөрүнө кол тийбестик укугун калтыруу- калтырбоо маселеси көп талаш туудурган маселе бойдон калууда. Жумушчу топтун өкүлдөрү бул маселе боюнча орток пикирге келе алышкан эмес.
Кыргызстанда азыркы Конституция боюнча кол тийбестик укугуна президент, депутаттар жана соттор эгедер. 2003-жылы болгон конституциялык реформанын жүрүшүндө кол тийбестик укугун алып салуу жөнүндө сунуштар болуп, бир топ-талаш-тартыштан кийин акыры аны сактап калышкан. Март революциясынан кийин бийликке келген президент К. Бакиев конституциялык талкуу адеп башталганда эле кол тийбестик укугун президент менен депутаттарга калтырууга каршы экенин билдирген.
-Эгерде президент, премьер-министр, депутаттар чындап эле элге кызмат кылууну каалашса, анда аларга кол тийбестик укугунун кереги жок. Эгер башка максат менен келип атышкан болсо гана кол тийбестик укук жөнүндө сөз болушу мүмкүн. Президенте, премьер-министрде да, депутаттарда да кол тийбестик укук болушуна мен каршымын,- деп айткан эле президент К. Бакиев өткөн жылы конституциялык кеңешменин алгачкы жыйынында.
Конституциянын президенттик жана парламентик башкарууга негизделген долбоорун Демократиялык күчтөр биримдиги партиясы да иштеп чыккан. Алар өздөрү жазып жарыялаган баш мыйзам долбоорунда кол тийбестик укугун сактап калышкан. Ошол долбоорду иштеп чыккандардын бири экс-депутат Зайнидин Курмановдун айтымында, президент менен депутаттарга кол тийбестик укугун сактап калуу өркөнү өскөн өлкөлөрдүн тажрыйбасына негизделген. Бирок, кол тийбестик укугу бийлик өкүлүнүн түздөн түз аткарган ишине гана таркоого тийиш.
- Бизде укуктун бийлиги эмес, бийликтин бийлиги болуп атпайбы. Ошондуктан, президенте да, депутаттарга да кол тийбестик укугун сактоо керек,- дейт Зайнидин Курманов.
Кол тийбестик укук депутаттарга мыйзамды аттап жасаган айыптуу иштери үчүн жоопкерчиликтен кутулуп чыгууга жардам берүүдө деген көз караш кыргыз коомчулугунда кеңири тараган. Ошол себептүү калың журттун ичинде президент менен депутаттарга кол тийбестик укугун калтырууга каршы чыккандар көп. Ошол эле учурда аны алып салуу бийликти жалтанбай сындаган депутаттарды ар кандай шылтоо менен саясий куугунтукка алууга жол ачат деген тынчсыздануулар бар. Маселен, экс-президент Аскар Акаев депутаттык кол тийбестиктен ажыратылган тун уулу Айдар Акаевди саясий куугунтукка алынууда деп айтып келатат. Айдар Акаевди өткөн жылы 19-сентябрда депутаттар көпчүлүк добуш менен кол тийбестик укугунан ажыратып, кылмыш жообуна тартууга макулдук берген. Айдар Акаев мыйзамсыз жол менен байлык топтогон деп айыпталууда. Аны таап кармап камоого Кыргызстандын башкы прокуратурасы санкция берген.
Сүрөттө : Экс-президент А. Акаевдин уулу Айдар Акаев депутаттык кол тийбестик укугунан ажыратылып, Кыргызстандын башкы прокуратурасынын издөөсүндө жүрөт.