Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

МАСКӨӨДӨ ОППОЗИЦИЯНЫН ЖЫЙЫНЫ АЧЫЛДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Москвада 11-июлда, шейшемби күнү «Башка Орусия» оппозициясынын форуму ачылды. Конференцияны уюштургандар арасында Людмила Алексеева, Гарри Каспаров, Георгий Сатаров жана башкалар бар. Олтурумдун катышуучулары «Азаттыктын» кабарчысына айтканга караганда Кремль алган багытын чийинден чыгып кетиши жана Орусиянын келечегинен чочулоо арбып баратышы алардын башын бириктирген. Губернаторлорду шайлоону жоюу ошондой эле куду советтик кездегидей саясий кине менен кишилерди түрмөгө камоонун пайда болушун алар бетке кармашкан. Санкт-Петербургда ачылганы турган Чоң - 8 саммитин утурлап өтүп аткан «Башка Орусия» форумуна президенттик жаштар кыймылы пикетке чыгып жолтоо болуу аракетин жасашкан.

Олтурумдун башкы максатын айтылуу саясатчы Мамдума депутаты Владимир Рыжков «Өлкөдө бир эле Кремлдин чиновниктери эмес башка да, жабыр тартып аткан коом – Башка Орусия бар экенин билдирүү», - экенин айткан.

Чогулушту чакыргандар өлкөнүн бардык булуң-бурчунан 300 гана делегат чакырган. Бирок бийлик жыйырмадай делегатты жол унаадан алып салган. Аларды бангизатын алып бараткан, тартип бузган, паспорту эски деген шылтоолор менен кармап ордо калаага киргизбей койгон. Конференцияга Михаил Касьянов, Сергей Глазьев, Эдуард Лимонов, Виктор Анпилов катыша тургандыгы жарыя кылынган.

Саясий анализчилер айтканга караганда оппозициячылдар эки күндүк Маскөөдөгү жолугушуусу алардын «Бирдиктүү Орусия» партиясын тээк кылып алып бийлик жүргүзүп аткан Кремлдин саясатына каршы экенин билдире алат. Бирок жолугушуунун катышуучулары орусиялык оппозициянын канчалык бытыранды экенин билдирип турат дешет. 2003-жылы парламентти шайлоодо катардан чыгып калышкан либералдык «Яблоко» менен Оңчулдар күчүнүн союзу партияларынын катышпай коюушу буга күбө дешет.

Айрыкча либерал аталып келаткан Валерия Новодворская мунун себебин форумга уйдун бөйрөгүдөй ар кыл партиялардын аралашышынан көрөт:

«Бул конгрессте орусиялык Конституция алкагына сыйбаган төрт (солчул партиялык – ММ) уюм катышып атат», - дейт Демократиялык союздун лидери «Азаттыктын» кабарчысына.

Алар сталинчил жана улутчул: «Кызыл жаштар алдындагылар», Улутчул большевиктер партиясы, «Эмгекчил Орусия», Коммунисттик партиясы. Либералдардын алар менен табакташ болуп кетиши орусиялык демократиянын өлүшү дегенди билдирет деген.

Олтурумга чет өлкөлүк дипломаттар да катышышкан. Улуу Британиянын Маскөөдөгү элчиси Тони Брентон чыгып сөз сүйлөп: жарандар коомунун активдүүлүгүн демократиялык өнүгүүнүн айрылбас бөлүгү болот деп айткан. Ошондон улам Лондон орусиялык өкүмөттүк эмес уюмдарга ар жыл сайын миллиондогон фунт стерлингдерди бөлүп келе жатат деген. «Ал акчалар Орусиянын барган сайын байып, марышына, баралына келип, эркинирээк болуусуна тээк болот деп ишенебиз», - деген Брентон мырза ИНТЕРФАКС агенттигине.

Бул жерде президент Путиндин журналисттер алдында айткан өкүмөттүк эмес уюмдардын атына айткан (31-январ 2006 – ММ) сыны эске түштү:

«Өкүмөттүк эмес уюмдар коомго керек. Биз алардын каржылоосунун тунук болушун каалайбыз», - деген эле Путин.

XS
SM
MD
LG