Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

ЖАШ САЯСАТЧЫЛАРДЫН KОНСТИТУЦИЯГА СУНУШУ “СУУ КЕЧЕБИ?”


Аманбек Жапаров,Бишкек “Келкел-Кайра жаралуу”, “”Эркин муун”, “Адилет кыймылы” сыяктуу жаштар уюмдары Баш мыйзамдын долбооруна өздөрүнүн кошумчаларын киргизүүнү өтүнүшүп, Конституциянын долбоорлорун даярдоочу жумушчу топко беш сунуш жолдошту. Анда Конституциялык соттун ыйгарым укуктарын көбөйтүү, президенттикке талапкердин жашын 25 жашка чейин түшүрүү сунушталат. Жаштардын укугун коргоо тобунун координатору Назгүл Турдубекованын пикиринде, Баш мыйзамдын долбооруна жаш саясатчылардын сунушу “суу кечпей” калышы ыктымал.

Жаштардын бул үч уюму Баш мыйзамдын долбооруна беш сунушун киргизүү боюнча кол топтоону шейшембиден башташты. Алар Конституциялык соттун ыйгарым укуктарын күчөтүп, пропорционалдык-можаритардык шайлоо системасын киргизүүнү, 25 жашка чыккандарды президенттикке талапкер катары каттоого укук берүүнү, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө добуш берүүчүлөрдүн санын 300 миң адам менен чектөө, премьер-министрдин өз командасын өзү түзүүгө укук берүү сыяктуу маселелер сунушталган.

“Адилет кыймылы” жаштар уюмунун лидери Юлия Гурковскаянын айтымында, бийликке бир адам ээлик кылбашы үчүн жаңы Конституциянын долбоорун жалпы элдик талкуудан “майдалап электен өткөрүү” зарыл. Кыргызстан башкаруунун кандай формасын тандап алган күндө да ал адилет, калыс, эл үчүн кызмат кылган бийлик болушу керек, дейт Юлия Гурковская.

- Жаңы Конституциянын элге сунушталып жаткан үч долбоорунун кайсынысын эл тандап алса да ал адилеттүүлүктү, тең укуктуулукту сактаса натыйжалуу болот. Биз келечек муун үчүн жемиштүү иштей турган Баш мыйзамды кабыл алууга кол кабыш кылышыбыз абзел. Мындай өткөөл учурда жаштардын сырттан көз салып, салкын мамиле кылуусу болбойт.

Юлия Гурковская мамлекеттик тил кыргыз тили болгондон кийин Конституциянын кыргыз тилинде жазылышын колдой тургандыгын белгиледи.

Ал эми Конституциянын долбоорлорун жазган жумушчу топтун мүчөсү Курманбек Дыйканбаев жаштардын үч уюму сунуштаган маселелерди Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоодо эске ала тургандыктарын билдирди.

Ал эми Жаштардын укугун коргоо тобунун координатору Назгүл Турдубекова жаштардын Баш мыйзамга кошумча киргизүү тууралуу сунуштары жумушчу топ тарабынан да, аткаруу бийлиги тарабынан да эске алынаарына көзүм жетпей турганын айтты.

Анткени, буга чейин деле Баш мыйзамга жаштар берген сунуштар тиешелүү адамдар тарабынан эске алынган эмес. Конституцияны реформалоо аткаруу бийлиги тарабынан тымызын жабык жүргүзүлүүдө. Элдик талкууда айтылган сунуштар жер-жерлерде эле калып калуу коркунучу бар.

XS
SM
MD
LG