Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 12:20

КИЕВДЕ САРГЫЧ ЫҢКЫЛАПТЫН ТӨБӨЛДӨРҮ БИЙЛИКТЕН АЖЫРАГАНЫ ТУРУШАТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Киевде Жогорку Раданын ишине бейшембиге дейре тыныгуу жарыяланды. Парламент фракцияларынын лидерлери менен төрага Александр Мороз кезметтешип президентте болуп кризистен кантип чыгуунуун жолун издешүүдө. Ошол эле учурда ордо калаанын Күнкорсуздук аянтында саргыч чатырдуу «айылча» катары артып барат. Анын талабы Жогорку Раданы таркатуу болууда. Ал жерде кризиске каршы коалициянын көк чатырдуу «айылчасы» да пайда болгон. Анын талабы президенттин алардын лидери Виктор Януковичти өкүмөт башчысы кылып бекитүү болууда.

Украинанын Жогорку Радасында жаңы альянс пайда болду. Ага региондор партиясы, коммунисттер жана социалистер пратиялары киришти. Натыйжада альянс 238 орунга ээ болуп, лидери Виктор Януковичти өлкөнүн өкүмөт башчылыгына бекитүү талбы менен президентке кайрылуу жасады. Мындай жагдай парламенттик өлкө болгону аткан Украина үчүн, андай мамлекттик система орнотуу үчүн саргыч ыңкылабын чыгаргандар үчүн колундагысын жулдургандай учурду пайда кылганын айтышат.

Кайсы бир орусиялык анализчилер Украинанын Радасы мындай абалдан «чоң коалиция» түзүп гана чыга алат дешет. АПН агенттиги жазганга караганда ага «Биздин Украина», Региондор партиясы жана Социалисттик партия кириши ыктымал». Мындай ойду 12-июлда президент Ющенко менен болгон сүйлөшүүгө катышкан төрага да айты:

«Мына ушул мүнөттө, «Биздин Украина» фракциясы менен кризиске каршы коалиция өкүлдөрү түзгөн макулдашуу ишин жүргүзчү топ ишке киришти», - деди орусиялык сыналгыда айткан жообунда Александр Мороз.

Чындап эле чоң альянс түзүлсө анда Юлия Тимошенконун партиясы чийиндин сыртында калат дешет. Алдыңкы күнү парламентте чыр салып, олтурумдун өтүшүнө бөгөт болууну дал ошол Тимошенконун жаатташтары баштап, ага Ющенкону аркалаган «Биздин Украина» кошулган экен.
Саргыч ыңкылапты чыгаргандардан бийликти капилеттен колдон чыгарып ийишине Маскөө катуу кубанганын Польшалык «Полония» (Polonia, 11.07.2006) басылмасы жазат. Макаласынын этегинде Вацлав Радзивинович: «саргыч ыңкылаптык лагерди кыйрандыга салган Маскөөнүн узун укуругу болуп жүрбөсүн?», - деген суроо коет.

Кремль бийлигинин кубанычы коюнуна батпашына себеп бар экенин орусиялык саясатчы Виктор Тимошенко айтат:

«Саргычтар бийликте болгон убактын ичинде Орусиялык – Украиналык алака жокко тете болду. Бул максат ( Януковичтин өкүмөт башчы болуп бекиши - ММ) ишке ашат», - дейт анализчи.

Анын каршысында жаңы альянстын жетекчисин орусиялык бийликтин кишиси деген пикирди «Биздин Украина» фракциясынын мүчөсү Юрий Арабец айтат:
«Бул кедеринен кеткендик. Маселени өлкөнүн ички маселеси кылып көргөзгүсү келгени менен ал (Янукович – ММ) Маскөөгө жагыш үчүн иш жасайт», - деген кечөө Бибиси үналгысына берген маегинде.

«Саргыч коалиция» 22-июнда түзүлгөн. Ага Юлия Тимошенконун тобу, президентти аркалаган «Биздин Украина» жана Социалисттик партия депутаттары кирип, Раданын 239 орунун ээлеп келишкен. Бирок ушул күнгө дейре орун талшуу ишке ашпаганда андан шейшемби күнү Соцпартия чыгып, януковичтик фракцияга кошулуп кеткен. Саясий кризис ушинтип чыккан жана анын чечилиши кайра да анализчилер башын катырууда

XS
SM
MD
LG