Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Израиль Ливандын аймагына аскерий чабуулун баштады


“Хезболла” экстремисттик тобу эки жөөт аскерин туткунга алгандан кийин кечээ Израиль Ливандын түштүк райондоруна аскердик чабуулун баштады. Сегиз жөөт аскери, “Хезболланын” бир өкүлү, жергиликтүү эки тургундун набыт болгондугу кабарланууда. “Хезболланын” Ливандагы башчысы Хассан Насрулла эки жөөт аскеринин ордуна Израилдин түрмөлөрүндөгү палестин жана ливан козголоңчуларын бошотуу талабын койду. Израилдин тышкы иштер министрлиги экстремисттер менен сүйлөшүүлөр болбойт деп расмий билдирүү жасады.

XS
SM
MD
LG