Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:48

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ АБАЛ КУРЧУП БАРАТАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Израилдин аскерлери Бейруттун аэропортун жана Ливандын портторун камалоону улантып жатышат. Бүгүн Израилдин аскердик авиациясынын бомбалоосунан Ливанда 39 киши курман болду, алардын 10 чактысы- балдар. Абалдын курчуп кетишинин жоопкерчилигин Израиль Хэсболла тобу менен аны ооздуктай албай келаткан Ливанга жүктөөдө.

Эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдын башталышына шаршембиге караган түнү Ливандын Хесболла согушкер тобунун израилдик эки солдатты уурдап кеткени себеп болгон. Хэсболлачылар барымтага алынган солдаттарды Израилдин түрмөлөрүндө отурган арабдарга айырбаштоону талап кылып жатышат.

Буга жооп иретинде Израилдин аскерлери Ливандын Израиль менен чектеш түштүк чөлкөмдөрүн абадан жана оор артиллерия менен аткылап, чек арага 6 миңдей солдатын тартып жатканын билдирди. Жөөт авиациясынын бомбалоосунун натыйжасында көпүрөөлөр талкаланып, Бейрут аэропортунун учуп-конуу тилкелери кыйрап калды. Бейруттун аэропортуна келаткан учактар Кипрге конууга мажбур болуп жатышат. Ливандын портторун жөөт деңиз аскерлери камалоого алышкандыктан, порттор кемелерди кабыл ала албай калышты. Ливандын коопсуздук күчтөрүнүн өкүлүрүнүн айтымында,13-июлда израилдик аскерлердин чабуулунан 39 киши курман болду, алардын арасында 10 чакты бала да бар. Ал эми израилдик булактар Хэсболланын 30 чакты согушкерин жок кылганын айтып жатат.

Израиль абалдын шыкакталып кеткендигинин жоопкерчилигин Хэсболла тобуна эле эмес, Ливандын өкмөтүнө да жүктөөдө. Анткени Хэсболла согуш партиясы өлкөдө реалдуу саясий күчкө айланган, анын өкүлдөрү Ливандын парламентинде жана Ливандын түштүк чөлкөмдөрүнүн регионалдык өкмөттөрүндө олтурушат. Ошондуктан Израиль хэсболлачылар уюштурган операциянын жоопкерчилигин Ливандын өзүнө да жүктөөдө.


"Агрессиянын жоопкерчилиги Ливанга жүктөлөт. Израиль мындайда кол куушуруп, олтура бере албайт, биз буга жооп берип, чек арадагы тынчтык үчүн ливандыктар да жоопкер экенин түшүндүрөбүз", -деп айтты Израилдин кабинет министри Исаак Херцог.

Бирок Хэсболла согушкер тобуна Ливандын өкмөтү эмес, аларды колдоп жатышкан Сирия менен Иран таасир эте алышат. Негизинен шии мусулмандарынан турган Хэсболла тобу 1980- жылдардын башында Ирандын түздөн-түз катышуусу менен негизделген. Анын максаты Ливанды оккупациялап алган израилдик аскерлерге каршы согушуу эле.

Акыркы окуялар эми эки фронтто согушууга мажбур болуп жаткан Израилдин өкмөтүн бир топ кыйын абалга салды. Бир жагынан Израиль коомчулугу палестиндер менен хэсболлачылар уурдап кетишкен израилдик солдаттардын бошотулушун талап кылып жатышса, экинчи жагынан премьер Эхуд Ольмерттин бул проблемага мынчалык "көктүк" менен мамиле кылып жатканын сынга алып жатышат. Израилдин солчулдары жөөт түрмөлөрүндө отурган арабдарды бошотуп, барымтага кармалып кеткен жөөт аскерлерин бошотууну талап кылып жатышат.
Оңчулдар болсо, тескерисинче, хамасчылар менен хэсболлачыларга каршы катаң чара колдонууга үндөп, бул топторду жок кылуу операциясын баштоону талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG