Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:17

ОРУСИЯЛЫК ОППОЗИЦИЯ БИРГЕЛЕШКЕН ОРГАН ТҮЗМӨК БОЛДУ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Москвада шаршемби күнү «Башка Орусия» - оппозициялык форумдун иши аяктады. Ал жыйында элдик-демократиялык союздун лидери Михаил Касьянов азыркы бийликтин саясий багытын «теңирден тескери жол» деп атаган. Анын пикири боюнча оппозиция «демократиянын турпатына коошпос жана «Орусиянын саясий мейкиндиги менен шайлоо мыйзам ченемдүүлүгүн өзгөртүп салчу» бийликтин бир жарым жыл ичинде кабыл алдырткан мыйзамдарын кайра жойдуртуу зарыл. Форумдун катышуучулары «Чоң сегиз» лидерлерине кайрылып – президент Владимир Путинден оппозицияны кысымга алуусун койдуртуу талабын жиберишкен. «Чоң сегиз» саммити ачылар алдында өткөн конференцияга үч жүздөн ашуун ар кыл саясий уюмдардын, демократиялыктан тартып солчул радикалдык партиялардын жана кыймылдардын активистери катышкан.

Мурда биз айткандай, «Башка Орусия» олтурумуна чылгый Кремлдин жүргүзүп аткан саясатын жактырбаган партиялар менен кыймылдардын чыгаан чабармандары катышышты. Алардын бири Орусиянын элдик-демократиялык союзунун жетекчиси, 2008-жылы президенттик орунду талашууга белсенип аткан Михаил Касьянов болду. Анын баамында «өлкөдө 2010-жылы саясий гана эмес кор-экономикалык кризис өнүп жетилет, ошондо зордук-зомбулук болушу толук мүмкүн. Андай абалдан кан төгүүсүз чыгыш үчүн бир ган жол бар. Алдыда шайлоону адилет жана эркин өткөрүү болот. Ички саясатта федерализм тебеленип жок кылынган, массалуу маалымат каражаттарында сөз эркиндиги жок, сот системасы (бийликке – ММ) көзкаранды».

ИНТЕРФАКС билдиргенге караганда эки күн тең Кремлдик жаштар кыймылдары «Биздикилер» менен «Жаш Орусия» топтору жыйын өткөн имаратты курчап пикетте турушкан. Буга дейре «Башка Орусия» форумунун катышуучусу - улуттук-большевиктик партиясынын (НБП – ММ) жаштары: «Путини жок Орусия! Путин! Кет!» - ураанын чакырып келишкен.

Былтыр ал партиянын 22 жаш мүчөсү абакка кесилген. Жыйын үстүндө сүйлөгөндөр орусиялык бийликтин мындай кадамын саясий кине менен кишини түрмөгө олтургузуу деп баалаган. Ал эми лимоновчулар чакырыгын – бул, болгону президенттин атына айтылган сын дешкен.

Форумду Мамдума депутаты Константин Косачев «кедеринен кеткендердин сандырак жыйыны. Аны карап олтуруп бир чети иренжийсиң, бир чети шылдың болосуң», - деген.

Ал эми Евразиялык кыймылдын жетекчиси Александр Дугинин айткан пикир идеология менен байланыштуу чыккан:

«Албетте, бул азыркыга салыштырганда - башкача Орусия! Бул кечөөкү күндүн Орусиясы. Кызгылтым Орусия!», - деп айткан ал «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде.

«Башка Орусия» олтуруму аяктар алдында анын делегаттары оппозиция биргелеше дайыма иштечү орган түзгөнүн жарыя кылышты.

XS
SM
MD
LG