“Арча-Бешик” жаңы конушунун түзүлгөндүгүнө 15 жыл болуп калса да, ички инфраструктурасы анча өнүккөн эмес. Отуз миң калкы бар бул конушта учурда таза суу маселеси, медициналык кызмат көрсөтүү, телефон байланыш, электр жарыгы -орчундуу проблемаларды жаратууда, дешет конуш тургундары.
Алардын айтымында, ошол кезде айыл өкмөтү болуп турган Мухтар Айткулов байланыш маселесин чечүү демилгесин өз колуна алган. Ал бул максатка миңге жакын конуш тургундарынан эки жарым миң сомдон алты миң сомго чейин акча чогулткан.
Конуш тургуну Байызбек Дуулатбаев “Арча-Бешик”конушунда жашап жатканына 12 жылдай болуп калды. Ал өз кезегинде айыл өкмөтүнө ишеним көргөзүп коюп, учурда же телефону жок, же акчасы жок калганын айтты:
"Чычканды сойсо да,касапчы сойсун деп айтат. Булар эмне телефон койгучтарбы. Биз карызга, процентке алып төккөн акчалар булардын чөнтөгүндө жүрөбү, кайда жүрөт белгисиз. Төрт жылдан бери эч кандай жыйынтык жок", -деди Байызбек Дуулатбаев.
Нааразы болуп чыккан тургундардын бири Тургунбүбү Жунусова 1992-жылы “Арча-Бешик”конушуна жер алган. Ал жерде үй куруп баштап, финансылык кыйынчылыктардан улам курулушту токтотуп койгон. Кийинчирээк анын жери конуш жетекчилери тарабынын башка бирөөгө сатылып кеткен экен. Тургунбүбү Жунусова бул көз боемочулукка айыл өкмөт башчысы Мухтар Айткуловдун түздөн түз тиешеси бар деген оюн айтты: "Ошол үйүмдү алган аялга булар бүт документтерди бүтүрүп беришкен экен. Мен муну кийин түшүндүм. Көрсө карышкырга кой кайтартыптырмын. Мен бул Мухтарга ишенгем да. Ал мага бул маселени чечип берет деп, документимди өткөзүп коюп жүрө бергем".
“Арча-Бешик” конушунун тургундарынын мындай дооматтарын учурда Ленин райондук акиминин орун басары болуп иштеп жаткан Мухтар Айткулов четке какты. Ал конуш тургундарынын ушинтип нааразылык билдирип чыкканын, “Арча-Бешик”өзүн өзү башкаруу комитетине алдыда өтүүчү шайлоо менен байланыштырды:
"Бул- шайлоонун алдындагы шайтан оюндар. Жакында “Арча-Бешик” өзүн өзү башкаруу комитетинин шайлоосу өтөт. Төрагасын жана квартальный комитетин шайлашат. Менин оюмча, бул ошого карата уюшулган агитация", - деди Мухтар Айткулов.
“Арча-Бешик”конушундагы көп жылдан бери орун алып келе жаткан ушул чыр фактылар боюнча конуш тургундары тиешелүү органдарга кайрылышкан. Бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес. Эгерде тергөө иштеринен эч кандай жыйынтык чыкпаса, Акүйдүн алдына 100гө жакын конуш тургундары нааразылык акциясына чыгышаарын, конуш тургуну Батырбек Исмаилов билдирди:
"Азыр бул маселе боюнча Финансы полициясында кылмыш иши козголгон. Эгерде буга чейинкидей болуп, тергөө иштери жабылып, же болбосо канагаттандыраарлык эмес болсо, биз Акүйдүн алдына пикетке чыгабыз. Талаптарыбыз аткарылмайынча отурабыз",- деди Батырбек Исмаилов.
Бишкек шаардык кеңешинин төрайымы Нуржамал Байболова “Азаттыкка” берген интервьюсунда, бул маселе прокуратура жана шаардык кеңештин депутаттарынан турган атайын комиссия тарабынан карала тургандыгын билдирди.