Атайын операция түшкү саат экиден өткөндө башталган. Жалалабат облустук милиция башкармасынын имаратына жакын жерде Калашников автоматы, гранатомет жана гранаттар менен куралданган беш адам жашынып алып, коопсуздук кызматынын «Альфа» бөлүгүнүн жана ИИМге караштуу аскерлерге катуу каршылык көрсөтүшкөн.
Айыгышкан согушуу маалында куралданган беш адам баардыгы тең жок кылынган. «Альфанын» бир жоокери ийнинен жаракат алган, бирок ал анча коркунучтуу эмес.
Куралдуу топту жок кылуу боюнча операцияга Улуттук коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Чегара кызматынын аскердик бөлүктөрү катышты.