Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

САНКТ-ПЕТЕРБУРГДА «ЧОҢ СЕГИЗ» САММИТИ АЧЫЛДЫ

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кечөө АКШнын президенти Жорж Буш «чоң сегиз» саммитине катышуу үчүн Санкт-Петербургга келди. Ошол эле күнү орусиялык бейөкүмөт уюмдар өкүлдөрү менен көрүштү. Андан соң кечки тамак үстүндө өзүнүн коллегасы Владимир Путин менен бейрасмий жолугушту. Агенттиктер жазганга караганда сүйлөшүүлөр глобалдуу чектеги энергокубатынын коопсуздугу, жугуштуу оорулар менен күрөшүү, Ирандын ядролук программасы, Дүйнөлүк соода уюмуна Орусиянын өтүшү сыяктуу маселелер тегерегинде болду. Андан сырткары, президент Буш, адам укугунун Орусияда баркталбай атышын козгойт дешет. Бейшембиде, Алманияда ФРГнин канцлери Ангела Меркел менен жолугушкандан кийин америкалык лидер Орусиядагы демократиялык жагдайга бушайман экендигин билдирген эле. Бүгүн «чоң сегиз» саммити башталар алдында АКШ жана Орусия президенттеринин ырасмий жолугушуусу өтөт.

Бүгүн Петербургда «чоң сегиздин» кезектеги олтуруму ачылмакчы.
Кечөө коноктордун алдыңкысы болуп ал калаага келген АКШнын президенти Жорж Буш орусиялык бейөкүмөттүк уюмдардын 16 өкүлү менен жолугушту. Ал жерде болгон кеп Чеченстандагы жагдай, бейөкүмөт уюмдардын абалы, ЮКОС жетекчилеринин тагдыры сыяктуу маселелерди камтыганын жолугушуунун катышуучусу Ирина Ясина ИНТЕРФАКС агенттигине айткан.

Петербургда саммитти орусиялык бийлик чоң намыс менен өткөрүп атат дешет. Алгач ирээт «чоң сегизге» төрага болуп аткан Путиндин мурдагы кесиптештери камды аябай жешкенин белгилешет. Атактуу шаардын акиминин орун басары Валерий Тихонов айтканга караганда 15-июлдан тартып 17-июлга дейре Петербургдун ава мейкиндиги ары-бери өтчү жүргүчүлөрдү тартчу учактар үчүн жабык болот деген. Деңиз менен келчү кемелерге да уруксат болбойт. Машинелерди шаарга киргизбөө мурдатан эле башталганын айткан.

Демейде мындай олтурум өткөн калаада чаң салып жүргөн «глобалистер кыймылынын» ар мамлекеттен келген өкүлдөрдү бийлик четтен тосуп жыйдырган. Аларды Крест аралындагы Киров атындагы стадионго алып барып ал жерге 60 чатыр тиктирип, көчмө ашкана менен ичерине тамак жасатып, түшөрүнө мончо жактырып берген. Орусиянин ичинен бара жаткандарды ара жолдон кармап кетип атканын кечөө «Азаттыктын» Петербургдагы кабарчысы Олег Яхонтов айты:

- Андрей Дмитриевди машиненин ичине атайын кызматтагылар кармап чыгып кетишти. Лидердин (Питердик нацболдун – М.М) андан аркы тагдыры белгисиз , - деди биздин кабарчы.

Глобалдаштырууга каршы күрөш кыймылы калаада бир нече жүрүш жасоо үчүн бийликтен уруксат ала алышкан эмес. ИИМ орун басары Александр Чекалиндин билдиргенине караганда «саммитке каршы» чыккандарга стадиондун ичинде митинг өткөрүүгө уруксат берилген. Бийликтин мындай «шартына» нааразы болгондор арасынан кармалгандары да бар экени айкын болуда.

Орусиянын ар кайсы аймактарынан тартылган «бир эле көчө кайтаруучу милициянын эсеби 2 миңден артканын» ИНТЕРФАКС жазат. Анализчилер баамында алардан сырткары саммиттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн канча тандалган жоокерлер, тыңчылар, армия жана флот кызматкери тартылганын болжоп билүү кыйын эмес дешет.

Эмнеси болсо да бүгүн, 15-июлда, Санкт-Петербургда «чоң сегиз» жетекчилеринин олтуруму ачылып атат. Ага Франция, АКШ, Улуу Британия, Жапония, Германия, Канада, Италия жана Европалык Союз жетекчилери катышмактчы.
Куржундар
XS
SM
MD
LG