Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

ЖАЛАЛАБАТТА ТЕРРОРЧУЛАРДЫН КАЛГАН МҮЧӨЛӨРҮ ИЗДЕЛҮҮДӨ


Улуттук коопсуздук кызматынын Жалалабат облустук башкармасынын башчысы Равшан Балтабаев маалымат жыйынын өткөрдү. Ал 14-июлда өткөрүлгөн атайын операция маалында Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстанда буга дейре бир нече жардырууларды уюштурган «Өзбекстан ислам кыймылынын» 5 мүчөсү өлтүрүлгөнүн жана террорчулукка каршы күрөш жаңы гана башталганын билдирди. Коомчулук өкүлдөрүнүн пикири боюнча террордук уюмдар облус аймагына чек ара жакшы кайтарылбагандыктан өтүп келүүдө.

Борбор Азия аймагында террордук чоң акцияларды уюштуруп жүргөн «Өзбекстандын ислам кыймылынын» 5 өкүлүн жок кылууну жума күнү улуттук коопсуздук кызматынын «Альфа» тобу тармактык кызматтар менен бирге ишке ашырды. Облустук улуттук коопсуздук башкармасынын жетекчиси Равшан Балтабаев ички иштер башкармалыгынын имаратына үч жүз метр жетпей кароосуз үйгө жашынган террорчулар буга дейре Бишкектеги «Оберон» базарын, “Бакай” банкынын Оштогу бөлүмүн жардыргандарын билдирди. Ал май айында Тажикстандын тергөө абагы менен Баткендеги чек ара бекетине кол салып, Жалалабатта бир милиционерди өлтүрүп, үч адамды жарадар кылган бул террорчул топтун башчысы Токтогул районунда туулганын айтты:

- Ташкенде, Оштогу кафедеги, Бишкектеги «Оберон» базарындагы чоң-чоң кылмыштардын уюштуруучулары болгон булар. 12-майда чоң салгылашууда беш адам каза болгон, ал да булардын иши. Кечээ каза болгондор ушулардын жетекчилери болот.

Pавшан Балтабаевдин айтымында атайын операция мындан ары да улантылат, анткени, жанкечтилердин калган шериктери көп болушу ыктымал. Коопсуздук кызмат башчысы «Борборазияда Ислам халифатын орнотууну көздөгөн «ИДУ» менен «Хизб-ут-тахрир» партиясынын байланышы бар. Кечээ партиянын төрт үгүтчүсү кармалганын да айтты:

- Иду, Хизбут-Тахрирлер дагы Ислам халифатын курабыз деп атышат Борбор Азияда. МВД, прокуратура, СНБ кандай тыгыз байланышта болсок, булар да ошондой байланышта, бири-бирине жардам беришет.

Атайын операция убагында «Альфа» тобунун бир кызматкери жеңил жаракат алган.

Жалалабаттын тургуну Шариптин оюнда 14-июлдагы ок атышуудан кийин коомчулукта тынчсыздануу сезими пайда болууда:

- Булар келип алып атып атса элде коркунуч пайда болот да.

Террорчуларды өлкөнүн аймагына өткөрбөө үчүн чек ара бекем кайтарышы зарыл. Облус борборунун жашоочусу Данияр Кылычбековдун пикири боюнча диний экстремисттик уюмдарга катаал чаралар жетишпей жатат:

- Террористтердин өтүп келген себеби бул чегарадагы чатак. Чегарачылар жакшы иштебесе булар мындан да көбөйүп кетиши мүмкүн.

Өлкөдө расмий катталбаган «Хизб-ут-тахрир» уюмунун мүчөсү Абдрахман Жолчиев өз уюмуна байланыштуу айыптоолорду четке какты. Анын белгилешинче «Исламды боштондукка чыгаруу» партиясы террорчул уюмдар менен кызматташпайт жана өз максатына курал менен эмес, саясий иш менен жетүүнү көздөйт:

- "Хизб-ут Тахрир" террордук иштерге аралашат, Өзбекстандын ИДУ деген партиясына жана Алкаидага кошулууга аракет жасап атат деп атышат. Мунун баары жалган. "Хизбутчулар" андай нерселерге барбайт, террордук иштерди кылбайт. Каалаган жерине чакырсын, ошону далилдеп берсин, анан сүйлөшөбүз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG