Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Чек ара кызматтарынын абалы көчмө жыйында талкууланды


БИШКЕК. Жума күнү Чүй облусунун чекара отряддарында өкмөттүн жабык көчмө жыйыны болуп өттү. Анда мамлекеттик чекараны көзөмөлдөөдөгү орчундуу проблемалар талкууланды. Өкмөт мүчөлөрү Чүй чекара кызматынын талаа машыгуусу өтүүчү борбордо, “Кант” жана “Ак тилек” чекара отряддарында, адисттикти өркүндөтүү борборунда болушту. Премьер-министр Феликс Кулов Чүй облусундагы чек ара кызматтарынын инфрастуруктурасын, материалдык-техникалык базасын, социалдык тиричилик шарттарын жакшыртууну тиешелүү министрликтерге тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG