Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

17-ИЮЛДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


Жетисуу областынын аскер губернатору Г. А. Колпаковский Токмок уездине качкан кыргыздарды кайрадан Анжыянга көчүрүү туурасында буйрук берген. 1927-жылдын бу күнү Кыргыз атчандар кавалериясы экиге бөлүнүп машыгуу ишин башташты.

Жетисуу областынын аскер губернатору Г. А. Колпаковский 1874-жылдын 17-июлунда Кокон ханы Худаярга жазган катында, хандыктан Токмок уездине качкан кыргыздарды кайрадан Анжыянга көчүрүү туурасында буйрук бергенин билдирген. Мунун алдында анжыяндык кыргыздар Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшүп, Худаяр хандын куугунтугунан качып Токмокко келишкен.

1927-жылдын бу күнү Кыргыз атчандар кавалериясы экиге бөлүнүп машыгуу ишин башташты. Биринчи топ Фрунзеден чыгып, Воронцовка айылын көздөй бет алса, экинчи топ Лебединовка айлында топтолушкан. Кыргыз атчандар кавалериясы бир эле убакта аскердик - тактикалык машыгуу менен бирге, Советтер союзунун коргоо мүмкүндүгүн чыңдоо боюнча агитациялык иштерди жүргүзгөн. Мындан тышкары бирикменин негизги максаты, өлкө аймагында күч алган басмачылык кыймылга каршы аскердик даярдыкты арттырууну көздөгөн.

1918-жылдын 17-июлунда РСФСР Элдик комиссарлар кеңеши Түркстан Советтик мамлекетине жардам көрсөтүлөөрүн кабарлаган телеграмма жөнөткөн. Телеграммага В. И. Ленин кол коюп, анда революциялык өзгөрүүлөргө байланыштуу тамак - аш тартыштыгы чыгып, контрреволюциячыл күчтөр аны өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткандыгы жана аны жоюу үчүн Совет бийлиги чукул чара көрө тургандыгы кабарланат.

1934-жылдын бу күнү Кыргыз обком ВКП (б) сы Союздук ВКП (б) Борбордук Комитетинин июнь пленумунда каралган башталгыч жана орто окуу жайлары туурасында чечиминин аткарылыш маселесин талкуулады. Мындан тышкары, Кыргызстандагы оруп - жыюу компаниясы, эгин жана мал чарбасын өнүктүрүү сыяктуу көйгөйлүү проблемалардын түйүнү чечилген.

Бу күнү, 709-жылы Кытайда биринчи жолу күндүн толук тутулушу кагазга түшүрүлүп, 1744-жылы америкалык саясатчы Жерри Элбридж, 1846-жылы атактуу саякатчы, этнограф Николай Николаевич Миклухо - Маклай, 1876-жылы советтик дипломат Максим Максимович Литвинов, 1889-жылы америкалык жазуучу Эрл Стенли Гарднер, 1942-жылы жазуучу Жуматай Шаршеев жарык дүйнөгө келип, 1975-жылы “Союз” менен “Аполлон” космосто биригишкен.
XS
SM
MD
LG