Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:45

ДӨӨШҮ МЕНЕН БАЛКАНЫН ОРТОСУНДА...


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Ооганстандын адам укуктарын коргоо уюмунун айтымында, жыл башынан бери коалициялык күчтөрдүн Талибан согушкерлерине жасаган чабуулунан 1100 киши курман болду, алардын болжолу менен 600дөйү бейкүнөө тынч жаткан адамдар.

Бул тынчсызданууларды Ооганстандын парламентинин мүчөсү Хажи Абдул Халик Мужахид да ырастады. Анын айтымында мындан ончакты күн мурда ал үй бүлөсү менен Урузган провинциясында доктурга бара жаткан кезде америкалык аскерлердин кол салуусуна кабылып, андан анын кайниси курман болуп, аялы жана эки баласы жаракат алган.

Бул маалыматты коалициялык аскерлердин өкүлү Поль Фицпатрик төгүнгө чыгарып, мыйзамгерди америкалык аскерлерди каралоого аракеттенип жатат, деп айыптады. Бирок мыйзамгер Мужахит АКШ аскерлеринин кол салуусунан канча бейкүнөө адам жабыркап жатканы эч жерде айтылбай жатканына нааразы. Анткени жөнөкөй адамдардын ичиндеги жоготуулар америкалык аскерлер тарабынан "талибанга тийешеси бар шектүү адамдар" катары берилип келатат, дейт Мужахит.

Мужахиттин сөздөрүн госпиталда жарааттарынан дарыланып жаткан аялдын көрсөтмөлөрү ырастоодо. Анын айтымында, Харак деген кыштакка кол салган америкалык аскерлер андагы адамдар куралчанбы, же куралчан эмеспи, ага карабай эле аткылашкан.

"Учактар абдан төмөн учуп, бирок пилоттор кимге ок ачып жатканына карашкан жок окшойт. Талибандар кыштактан бомбалоо башталаары менен качып жок болушкан. Мен жерге жатып калдым эле, талибдердин бирөө колу-бутумду жаза басып, өттү. Бизди алар кеткенден кийин да бомбалап жатышты",- деп баяндады аял. Анын айтымында ал кол салуу учурунда кыштактын беш бейкүнөө тургуну курман болуп, сандаган кишилер жаракат алган.

Бул окуяларды айтып берген адамдардын баары АКШнын авиачабуулдары маалында кыштактарда талибан согушкерлери болгонун мойнуна алышып, ошону менен бирге аларга коркконунан эле баш баана берип жатышканын айтышкан. Бирок талибандарга жардам берсек бомбалоолорго дуушар болуп жатабыз деп нааразы болушту - дөөшү менен балканын ортосунда калган жагдайга түшкөн тургундар.

АКШ жөнөкөй жарандардын арасындагы жоготуулар жөнүндө статистика жүргүзбөйт, бирок Ооганстандын адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиясынын өкүлү Надер Надери буларды билдирди:

"Бул жөнүндө так маалымат жок. Бирок Ооганстандын адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиясынын айтымында, акыркы айлардын эле ичинде талибандарга каршы жүргүзүлгөн операцияларда 600дөй жөнөкөй жаран курман болгон". Надеринин айтымында, анын уюму бул маселе боюнча тынчсыздануусун бир нече курдай билдирген. Ооганстандагы антитеррордук операциялар күч алууда, бирок андан жөнөкөй адамдар көбүрөөк жабыр тартып жатышат деп айтты укук коргоочу.

XS
SM
MD
LG