Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

ТЕГЕРАН ИЗРАИЛЬ-ЛИВАН ЖАҢЖАЛЫНДАГЫ БАШКЫ ОЮНЧУ


Жаныл Жусубжан, Прага Израилдин эки аскерин барымтага алганда башталган куралдуу жаңжал токтобой жаткан чакта байкоочулар башка оюнчулар, биринчи кезекте Иран менен Сирия жаңжалга тартылышы мүмкүн деп чочулашууда. Мындай коркунуч тууралуу Азаттыктын аналитиги Билл Самиинин серебине назарыңыздарды бурабыз.

Иран ушул күндөрү эгер Израил Сирияга чабуул жасаса, муну жоопсуз калтырбай тургандыгын эскертти. Иш жүзүндө Иран менен Сирия жаңжалдын башатында турушкан, себеби экөө Хезбулланын башкы сүрөөнчүлөрү болуп саналышат. Израил өз аскерлерин куткаруу максатында баштаган чабуулдардан кийин израилдик өкүлдөр Хезбуллахка кине артуу менен бирге, Иранды да күнөөлөй башташты. Израилдин коргонуу күчтөрүнүн түндүк бөлүмүнүн кол башчысы генерал-майор Уди Адам, мисалы, "Хизбулла - террордук уюм, Ливандын аймагынан туруп Ирандын акчасына аракеттенет" деп айтты.

Иран мындай кинеге дароо жооп берген жок. Согуш аракеттери башталгандан 5 күндөн кийин гана, 16-июлда Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Хамид Реза Асефи Иран Хезбуллахка жардам берет деген ырастоону мындай деп четке какты:

-Иран Хезбуллага ракета жиберип жатат деген чындыкка жатпайт. Хезбулланын даремети өзүнө жетет. Акыркы күндөрү ал өзүн коргой ала тургандыгын көрсөттү. Азыр Израилдин сионисттик режими кысымга туш келди. Бирок тилекке каршы ал өз жаратылышына шайкеш келген жырткыч методдорду колдонуп, күнөөсүз адамдарды жазалап жатат.

Ирандын Хизбулла жана азыр палестин өкмөтүн башкарып турган Хамас менен жылуу-жумшак мамилеси жакшы белгилүү. Тегеран бул топторду колдой тургандыгын эч качан жашырган эмес. Ал тургай Батыш өлкөлөрү бойкот жарыялаганда Хамаска жардам чогултуу ишин өз колуна алган. Бирок Тегеран Хезбулла менен айрыкча ымалаш экени белгилүү. Уюмдун 1980-жылдары негизделишинде Иран чечүүчү рол ойногон. Бул уюм Ирандагыдай теократиялык мамлекет куруу нийетинен баш тарткан эмес, ошого карабастан ал бүгүн Ливандын саясий системасына кошулган - анын өкүлдөрү Ливан өкмөтүндө жана парламентинде бар.

Кошмо Штаттары Хезбулланы террордук уюм деп эсептеп, Иран бул уюмга жылыга миллиондогон доллар жардам берет деп ырастап келет. Тегеран бул ырастоону четке кагып, Хезбуллага моралдык жана саясий гана колдоо көрсөтөбүз деп айтат. Анын аралыгында Тегеран Дамаск экөө соңку жылдары кыйла ымалаш болуп кетишти. Эки өлкө тең эл аралык кысым алдында болгондугу да жакындашууга түртүп жаткан шекилдүү. Ортодо аскердик келишимдерге кол коюлган жана армия башчылары бир-бириникине катташып турушат. Ошондуктан 13-июлда Ирандын президенти Ахмединижад Сириянын президенти Башар ал-Ассадга телефон шыңгыратып, Сирияга кол салуу Ислам дүйнөсүнө кол салуу менен тете болот деп айтты. Буга караганда, Ливан менен Израилдин араздашуусунун географиясы кеңейсе, ага биринчи кезекте Сирия менен Ирандын кошулуп кетиш коркунучу туулууда.

XS
SM
MD
LG