Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

ЖАЛАЛАБАТ: ТЕКШЕРҮҮЛӨР ТЕРРОРДУК АКЦИЯЛАРГА БӨГӨТ КОЮУ МАКСАТЫН КӨЗДӨЙТ


Жалалабатта ушул күндөрдө жарандардын паспортторун текшерүү күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат. 14-июлда бул шаарда «Өзбекстан ислам кыймылы» аттуу уюмдун беш мүчөсү коопсуздук кызматы өткөргөн атайын операциянын натыйжасында жок кылынган. Эми ушул террорчул уюмдун тирүү калган тобун кармоо, коомдук коопсуздукту сактоо жана экстремисттердин диверсиялык аракеттерин токтотуу максатында жарандарды жапырт текшерүү жүрүп жатат.

Жарандардын паспортторун текшерүүгө МАИнин инспектору атып өлтүрүлүп, 10-июлда таңга жуук эки милиционер менен бир кишинин белгисиз адамдардын огунан жараат алуусу себеп болгон. 14-июлда «Өзбекстан Ислам кыймылы» деген уюмдун беш мүчөсү жок кылынды. Ички иштер башкармасы Нурлан Темирбаевдин айтымында текшерүү ошол террорчул уюмдун облус аймагында тирүү калган топторун кармоого багытталган. Экстремисттик уюмдардын ишине бөгөт коюу жана коомдук коопсуздукту сактоо да ушул иш-чаранын милдетине кирет.

- Күчөтүлгөн тартипте иштеген тартип сакчылар менен ички иштер аскеринин жоокерлери мыйзамсыз сакталган мылтык менен «Хизб-ут-тахрир» партиясынын 46 адабиятын, жасалма паспорттор менен маңзаттарды кармашты, - деп айтты Нурлан Темирбаев.

Аталган окуяларга байланыштуу Сузак районунда 4 кылмыш иши козголгон.

Паспорттук текшерүү «Ош-Бишкек» унаа жолуна коюлган посттордо да улантылууда. Ал Жалалабат шаар көчөлөрү менен Сузак, Базаркоргон, Ноокен, Аксы райондорунун айыл-кыштактарында күчөтүлдү. Ички иштер башкармалыгынын эсеби боюнча аталган аймактардын айрым жашоочулары «Хизб-ут-тахрир» партиясына жан тартуу менен шек туудурат.

Ноокен районунун тургуну Салы Жумабаев текшерүү Өзбекстанга жакын жайгашкан чек ара айылдарында да жүрүп жатканын билдирди:

- Башка жерлерден, Өзбекстандан келип иштеп аткандарды катуу текшерип атышат. Паспорту жок жүргөндөрдү да текшерип атышат.

Жалалабат шаарынын жашоочусу Анарбай Орозов текшерүүнүн жүрүшүнө алымсынган жок. Анткени, анын болжолу боюнча облуста сырт өлкөлөрдүн жашырынып, паспортсуз жашаган жарандары көп:

- Жалалабатта паспорт текшергенин көргөн жерим жок. Жалалабатка көрүнгөн жактан адамдар келип атат. Мисалы, Өзбекстандын, Тажикстандын качкындары Жалалабатка толуп алган. Элге тынчтык керек.

Өлкөдө расмий катталбаган «Хизб-ут-тахрир» партиясынын Жалалабаттагы мүчөсү Султан Бадалов паспорттук көзөмөл мыйзам бузуулар менен коштолгонуна күбө болгон. Анын ырасташынча текшерүү коркутуу-үркүтүү ыкмалары менен жүрүп жатат.

- Паспорттор туура эмес текшерилип жатат. Үйлөргө уруксатсыз басып киришип, кошуналардан күбө чакырбай эле, өздөрү тымызын коюп койгон буюмдары менен айыпташууда. Адамдарды коркутуу менен акчаларын алып жатышат,- дейт Султан Бадалов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG