Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

ЦЕМЕНТ МЕНЕН ШЫЙПЫРДЫН ЧОҢ БӨЛҮГҮН ЭКСПОРТ ЖЕЙТ


Кыргызстанда цемент менен шыйпырдын кымбаттап кеткендигине байланыштуу кыргыз өкмөтү 13-июлдан тарта автоунаа менен аталган курулуш материалдарын сыртка алып чыгууга тыюу салды. Цемент жана шыйпыр экспортко темир жол аркылуу гана чыгарылууга тийиш.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Кант заводу цемент жана шыйпыр чыгарган монополист завод болуп эсептелет. Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын алты айында аталган завод өткөн жылкыдан 127,2 млн сомго көп продукция чыгарууга жетишкен. Бирок өнөр жай, соода жана туризм министринин орун басары Туратбек Жунушалиевдин айтуусунда, ички рыноктун үлүшү дагы башка жолдор менен сыртка чыгып кетип жатат:

-Жарым жыл ичинде өндүрүлгөн 500 миң тонна цементтин жарымы биздин рынокко түшөт. Бирок ошол жарымдын дагы жарымынан көбү кайра эле башка чарба субьектилери аркылуу Казакстанга алып чыгылып кетүүдө. Ошондуктан, биз чегараны жаптык. Мындан ары заводдун өзү темир жол аркылуу гана цемент менен шыйпырды сыртка экспорттой алат.

Цемент менен шыйпырдын ички рыноктогу үлүшүн бүтүндөй сактап калуу максатында бул материалдарды автоунаа менен сыртка чыгарбоо тууралуу кыргыз өкмөтү 2006-жылдын 13-июлунда атайын токтом кабыл алды. Бирок, бул токтомду Кант цемент-шыйпыр заводунун жетекчилиги колдоого ала берген жок. Аталган заводдун башкы директору Исабеков мырзанын айтуусунда маселени чечүүнүн мындай жолу туура эмес:

-Биз азыр темир жол аркылуу гана экспорттоп жатабыз. Автонуаа менен сыртка сатууга тыюу салып коюшту. Менимче бул туура эмес. Анткени муну менен чегарада татаал кырдаал түзүлүп жатат. Чынын айтканда мындан бизге пайда-зыян деле жок. Биз мурда кандай сатып келген болсок, мындан ары деле ошондой сата беребиз,-деди Кант цемент, шыйпыр заводунун башкы директору Исабеков.

Ал эми Кыргызстан курулушчулар бирикмесинин жетекчиси Аскар Молдобаевдин айтуусунда, мыйзамсыз экспорттоого тыюу салуу ички рынокто курулуш материалдарынын баасынын арзандашына алып келет:

-Анткени ошол чегарадан өтпөй турган цемент менен шыйпырдын баары Кыргызстандын ички рыногуна тиешелүү материалдар. Алардын баарын кайра өзүбүзгө апкелсек, эртең эле баа түшөт.

Элди курулуш материалдары менен толук камсыз кылуу максатында кыргыз өкмөтү 2004-жылы жер-жерлерде цемент менен шыйпыр сатуучу муниципалдык уюмдарды ачуу тууралуу токтом кабыл алган. Токтомго ылайык, Кант цемент шыйпыр заводу мындай муниципалдык уюмдарга сураганына жараша курулуш материалын жөнөтүп турууга милдеттендирилген. Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин маалыматы боюнча, бирок завод милдетин толук аткарбай келе жатат. Алсак, завод жыл башында эле айрым облустардагы муниципалдык уюмдар менен келишим түзүүдөн баш тарткан. Келишим түзүлгөн кээ бир облустарга сураган өлчөмүнөн өтө аз санда гана курулуш материалдарын жиберген же такыр эле жиберген эмес.

Кыргыз өкмөтүнүн жаңы токтому боюнча, Кант цемент шыйпыр заводу жер-жерлерде соода түйүндөрүн ачууга жана ал жерлерде өндүрүүчү заводдун баасынан ашпаган баа менен сатууга тийиш. Албетте, буга ошол аймакка ташуу баасы да кошулат. Ал эми бүгүнкү күндө монополияга каршы күрөшүү жана атаандаштыкты күчөтүү боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Кант цемент, шыйпыр заводунан чыгарылуучу цементтин бир тоннасына 1722 сом, шыйпырдын бир даанасына 114 сом деген баа коюлган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG