Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

КОНСТИТУЦИЯНЫН ДОЛБООРУ ЭЛДИН ЭЛЕГИНЕН ӨТҮҮДӨ


Конституциянын долбоорун жазган жумушчу топтун мүчөлөрү жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүп, элдин пикирин угуп келди. Эми комиссия август айына чейин долбоорду толуктап жазып, андан соң президентке тапшырмакчы.

Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров башында турган жумушчу топ төрткө бөлүнүп, долбоорлор тууралуу элдин сунушун, пикирин угуу үчүн июль айынын онунда региондорго жөнөп кеткен. Бекназаров баштаган топ Ош жана Баткен облустарында болду. Жолугушуулардын жүрүшү тууралуу ал буларды билдирди:

_Биз Бектур Зулпуев экөөбүз Ош, Баткен облусунун 14 район, шаарында болдук. Эл ушунчалык кызыгып, жолугушууларга келип жатты. Ар бир жерде кеминде 30 киши сүйлөп жатты. Ар кандай партиялардын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, негизинен бюджеттик кызматкерлер, бирок ар бир жерде 300дөн кем эмес киши катышты.

Ал эми жолугушууларда козголгон маселелер тууралуу Азимбек Бекназаров буларды белгиледи:

_Көпчүлүк эл президентке, депутаттарга, сотторго кол тийбестиктин кереги жок деген пикирди айтты. Таза президент болсо, таза депутат болсо-эл катары болсун деген сунуш –пикирлер көп болду. Орус тили боюнча Ош, Баткен облустарынын эли өз сунуштарын айтты. Алар биз кош тилдүүлүктө жашадык. Орус тили ансыз деле БУУнун тилдеринин бири. Ага мамлекеттик статус бербесек деле жашай берет. Бизге бир эле тилдин мамлекеттик болушу керек. Эгерде орус тилинин статусун кыргыз тили менен теңдеп койсок, кыргыз тили унутулуп калат экен деген ойлорун айтышты.

Жумушчу топтун мүчөлөрү жер-жерлердеги жолугушууларда элдин сунуш-пикирлерин угуу менен бирге аларга бийлик системаларынын өзгөчөлүгү боюнча түшүндүрмөлөрдү беришкен.

Элдин кайсы бийлик системасына ыктаганы тууралуу Ысыккөл облусунда жолугушууларды өткөрүп келген Исхак Масалиев буларды билдирди:

-Биз Ысыккөлдө беш жерде жолуктук. Элдин жарымы аралаш форманы жактоодо. Калган топтор парламенттик, президенттик топту жактоодо. Көпчүлүк аралаш форманы жактоодо. Ошондо да президенттин, парламенттин укуктарын карап, тактап, өзгөчө парламентти түзүү принцибин, шайлоо жолун өзгөртүүнү каалап жатышат.

Азимбек Бекназаровдун айтымына караганда, ал жакынкы күндөрдө президент менен жолугушуп, анын сунуштарын укмакчы. Анткени Курманбек Бакиев долбоорлорго атуул катары, президент катары өз сунушун айтууну каалоодо. Андан кийин жумушчу топ 20-июлдан тарта чогулуп, элден түшкөн сунуш, пикирлерди жалпылап, Конституциянын таза, толукталган вариантын иштеп чыгышат. Даярдалган долбоорлор 1-августта президентке тапшырылмакчы.

Мына ошол долбоорлордогу өзгөчөлүктөр тууралуу Азимбек Бекназаров буларды белгиледи:

-Үч вариантта тең негизинен Конституция окшош. Сот бийлиги, адам укугу,мамлекеттик түзүлүш принциптери бирдей. Болгону өкмөттү ким түзөт, ал кимдин алдында отчет берет жана кимдин алдында жооптуу деген маселеде гана айырма бар. Маселен, бийлик бутактарына түздөн-түз кирбеген Борбордук шайлоо комиссиясы, Башкы прокуратура, Эсеп палатасы, Улуттук банк сыяктуу органдарды түзүү, башчысын шайлоо, бошотуу принциптери ар бир долбоордо окшош берилген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG