Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

«ЧОҢ СЕГИЗ» ОЛТУРУМУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ АНАЛИЗЧИЛЕР ООЗУНДА


Анализчилер Петербургда өткөн «Чоң сегиз» жыйынтыгын чыгарууга кез келгенин белгилешет. Саммиттин акыркы күнкү олтурумунда Жакынкы Чыгыштагы салгылашуу жана дүйнөлүк соода боюнча айрыкча курч кеп болгонун айтышат. Сырттан көз салуучулар баамында дал ушул маселелер чечилиши оңой болбойт. Орусиялык тарап «Чоң сегиз» олтурумун жакшы өттү деген баа берди. Бул туурасында Петербургда олтурум жабылгандан соң президент Владимир Путин айтты. Ошол эле учурда сегиз өлкө президенттери менен өкүмөт башчылары, маселен Ливандагы жагдайга жана ал кагылышты кыска мөөнөттө токтотуу боюнча ар башка көз карашта экенин айтышууда.

1975-жылы керегеси тургузулган өнөр жайы өнүккөн өлкөлөр тобу кезектеги олтурумун Петербургда (15-17-июлда) өткөрдү. Ага төрагалык кылган Орусия күн тартибине өзүнүн кызыкчылыгы бар энергетикалык коопсуздукту койгон. Кийин кабыл алган келишимдердин бири дал ошол коопсуздук боюнча болгон.

«Глобалдуу энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн биз биргелешкен жолдорду иштеп чыктык», - деди жыйынтыктоо сөзүндө президент Путин.

«Чоң сегиздин» калган лидерлери энергетикалык коопсуздуктун маанилүү экенин белгилешкени менен учурдагы башкы маселе деп Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды эсептешкен. Ошол эле учурда ал маселеде да ар кыл көз караштар пайда болгон. Вашингтон менен Лондон бир тарапта, Париж экинчи тарапта экени айкын болот. Тони Блэрдин айтымында олтурумда алдыга чыккан тема башка:

«Албетте, Жакынкы Чыгыш абалы. Ал калган темаларды артка түртүп салды. Биз кабыл алган жарыяда Түштүк Ливанга бейкутчулук орнотчу күчтөрдү киргизүүнү БУУ иликтеп чыксын дедик», - деди Улуу Британиянын премьер-министри.

Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна өтүүсү АКШ делегациясынын колдоосун тапкан эмес. Ошондон улам ал күзгө жылган. Саммиттин жыйынтыгы боюнча анализчилердин көпчүлүгү «Путин алдына койгон максатына жетти. Өнүккөн өлкөлөр лидерлеринин саммитинин Петербургда өтүшү ал мамлекеттердин Орусияга, биринчи кезекте анын президенти Путинге, мамилеси жылуу экенин көргөзүп салды», - дешет.

Санкт-Петербургдагы саммитти өткөрүүдө бийлик коопсуздук үчүн совет тушундагыдай чара көргөн. Ар башка мамлекеттен Петербургга келген 200дөн ашуун глобалдаштырууга каршы кыймылдын мүчөлөрү кармалган. Ал кыймылдын орусиялык 500дөй өкүлү саммит өткөн калаага жетпей, ара жолдо автоунаалардан алынып, ошол бойдон жыйын тамам болгуча ар кыл шылтоолор менен камалып турган.

Бийликтин мындай чарасын жактырып жактырбагандар бар. Орусия жогорку палатасынын төрагасына жардамчы Михаил Толстой айтканга караганда, «Глобалдаштырууга каршы чыккандар жолтоо боло алышпады. Аларды стадионго чогултуп кулптап салышты. Бул мамлекеттик чоң митаамдык болду. Бирок ошондой чарадан улам саммит тынч өттү».

Саммиттен алган таасири менен бөлүшкөн орусиялык жарандар фронтунун Петербургдагы бөлүмүнүн жетекчиси Курносова мындай жагдай полициялык мамлекетте гана болушу ыктымал дейт:

«Путин саммитке – ММ) карамай менен газ империясын түзүү маселесин койду. Ошол эле учурда ал Орусиянын полициялык мамлекетке айланып баратышын батыштын көрмөксөнгө салуусун каалап атат», - дейт Ольга Курносова айым.

Кайсы бир анализчилер, өнөр жайы өнүккөн мамлекеттер менен Орусия лидерлери жакырчылык каптаган Африкадагы өлкөлөргө назар салышпады деп айтышууда. Былтыр, Лондондо өткөн саммитте африкалык өлкөлөр моюнунда карыздарынан кечүү жана аларга акчалай каражат бөлүү болгонун эскеришет.

Дагы бир сын ирандык ядролук программасы боюнча кеп козголбоду дешет. Сегиз лидер ортосунда жакында ракетасын сыноодон өткөргөн Түндүк Корей аракети боюнча гана тил табышуу болгонун айтышууда. Ошол себептүү мурда жүрүп атып токтоп калган алты тараптуу сүйлөшүүгө Пхеняндын кайра келишин талап кылып кайрылуу кабыл алышканы айкын дешет.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG