Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаков иш чаранын жүрүшүндө издөөдө жүргөн акрамийлер агымынын эки мүчөсү кармалып, алардан 400 грамм амонанин шашкасы, Калашников автоматынын сегиз даана огу жана белгисиз өндүрүштө даярдалган жардыруучу зат табылгандыгын билдирди. Учурда жарандардын документтери үймө-үй текшерилип, алардын өздүгү такталууда.
- Жалалабаттагыдай окуя болбосун деп транспортторду текшерип жатабыз. Элдин бейпилдигин алдын алуу максатында ушундай иш жүргүзүп жатабыз,- деди “Нариман” күзөт тобунун башчысы Айжигит Жороев.
Шаардын киребериш жана чыгыш тараптарында автоунаалар токтотулуп, айдоочулардын документтери текшерилип, машинанын ичи тинтүүгө алынууда.
Айдоочу Закиржан Алимжанов милиция кызматкерлеринин мындай аракеттерин түшүнүүчүлүк менен кабыл алып жатышкандыгын белгиледи:
-Текшеребиз дегенге макул болуп жатабыз. Буларды дагы түшүнүш керек,- дейт айдоочу Закиржан Алимжанов.
Анткен менен жергиликтүү талдоочу, кесиби боюнча саясат таануучу Алишер Хамидов болсо, калк арасында паспорттук режимдин жүргүзүлүшүнө карата бир катар нааразычылыктар болуп жаткандыктарын айтуу менен бир нече андай көрүнүштөрдүн күбөсү болгондугун мындайча билдирди:
- Нааразычылыкты көрүп жатам. Транспортто кетип баратсам паспорттук режим деген шылтоо менен акча алып жатышат,- дейт Алишер Хамидов.
Ош шаардык ички иштер органдарынын жетекчилиги паспорттук режим дагы бир жумага улантылып, анын жыйынтыктары расмий түрдө жарыялана тургандыгын билдирди.