Израилдин аскерий күчтөрү 19-июлга караган түнү Ливан чек-арасынан өтүшүп, “Хезболлах”согушчандар тобун атакалашты. Ушул эле түнү Израиль учактары түштүк Бейруттагы согушчан Хизбулла тобунун кеңселери жайгашкан буталарга чабуул койду. Анын негизинде Ливандын аймагында 27 адам каза тапты.
Хезболлах дагы Израилге каршы ракеталык чабуулдарын улантууда. Ливан-Израиль чек-арасында израилдиктер менен “Хезболлах” тобунун ортосунда кагылышуулар уланууда.
Айрым эксперттердин баамында, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жалпы дүйнө өлкөлөрүнө өз таасирин тийгизбей койбойт.
“Хезболлах” согушчандар тобу Израилге ок атып, 2 аскерди барымтага алгандан кийин Жакынкы Чыгыштагы абал курчуп кеткен.
ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандагы өкүлү Жыпар Жекшеевдин пикиринде, барымтага алынган аскерлер –Израиль үчүн Ливанга кол салууга жөн эле шылтоо болду:
"Бул эки аскердин барымтага алынышы Израиль үчүн жөн гана шылтоо болуп, негизинен булар алыска кете турган бир максаттарын аткарып жатышат. Себеби бул Ливандын жашоо шартын нейтралдаштырып, алардын бардык байланыштары үзүлүп, мамлекетти өтө оор абалда болуп калды. Мындай кырдаалда башка мамлекеттер карап турбашы керек. Чечкиндүү билдирүүлөрдү жасаш керек.
Жыпар Жекшеевдин айтымында, бул эки өлкө ортосунда тирешүүлөр Кыргызстанга да өз терс таасирин тийгизет: "Кыргызстан Борбор Азияда жайгашканы менен, бизге бул жаңжал энергоресурстардын кымбаттап кетишине алып келиши мүмкүн".
“Менин өлкөм” саясий партиясынын лидерлеринин бири, саясатчы Зайнидин Курманов Ливан жана Израил өлкөлөрү Борбор Азиялык мамлекеттерден алыс болгону менен, эки өлкө ортосунда кагылышуулар Кыргызстан менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелерге да өз залакасын тийгизет деген пикирде.
Дүйшөмбүдө Санкт-Петербургда өткөн “Чоң сегиздин” саммитинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаал өзөктүү маселелердин бири катары талкууга алынды. Анда Британиялык премьер Тони Блэр согуш майданына айланган Ливан-Израил чегара аймагында атышууларды токтотуу үчүн ал жерге эл аралык аскерий күчтөрдү жайгаштыруу зарылчылыгын айткан.
Кыргызстандын саясий ишмери Бегиш Ааматов “Чоң сегиздин”саммитинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаал чоң маселе болуп каралбаганын айтты. Ал бул маселенин чечилиши улуу өлкөлөрдүн гана катышуусу менен боло алат деген көз карашта:
"Бул мурдагы Совет өлкөлөрүнүн чек арасына жакын маселе десек болот. Ошондуктан бул жалынды улуу өлкөлөрдүн жетекчилери чоң маселе кылып атайын карап, БУУга сунуш кылабы, же жеринде отуруп алып саясий, аскерий, экономикалык проблемасын түз жолго коюп, бул чатакка чекит коюу мезгили келип жетти,-дейт Бегиш Ааматов.
Экс-депутат Зайнидин Курманов кандай гана чатак, кагылышуу болбосун, аны күч жолу менен эмес, дипломатиялык, тынчтык жол менен гана чечүү болот деп эсептейт:
"Азыркы мезгилде күч менен эч нерсени чечүүгө болбойт. Мына АКШ деле күчтү пайдаланып, Ирак маселесин чече албай жатпайбы. Мындай чатактар бизге кандайдыр бир деңгээлде сабак болушу керек".
Учурда Жакынкы чыгышта кырдаал ырбап кеткенине байланыштуу, Ливанда чет элдиктерди массалык эвакуациялоо башталды.