Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

ООГАНСТАНДАГЫ ТЫНЧТЫКТЫН КЕЛЕЧЕГИ


Евросоюз Ооганстандагы кырдаал боюнча журналисттерге түшүндүрмө берди. Брюсселдеги пресс-конференцияда испаниялык ардагер дипломат Франчес Вендрел Ооганстандын түштүгүндөгү козголоңчулардын канчалык кооптуу экендиги күзгө карай белгилүү болот деди.

Азаттыктын Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобякастын кабарлашынча, Франчес Вендрел сөзүн Ооганстанда кырдаал 2001-жылы талибдердин бийлиги кулагандан кийин эч качан оңолбогонун моюнга алуудан баштады. Эл аралык миңдеген коопсуздук күчтөрү Ооганстандын түштүгүндөгү Хелманд жана Кандагар провинцияларында жайгаштырылгандан кийин, бул аймактарда калаба күч алды.

Ведрел муну кадыресе көрүнүш деп баалап, бул күчтөр күзгө чейин талибдерди жок кылып, өлкөнү калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон саясий жана коопсуздук шарттары түзүлөт деген үмүтүн билдирди:

- Менимче абалдын кандай болоорун жайдын айагында, октябрь, ноябрларда билебиз. Менимче, эл аралык күчтөрдүн жана биздин бул кырдаалга карата стратегиябыз бар, андан кандай майнап болоору жыл соңуна карата белгилүү болот.

Вендрел ошондой эле Ооганстанда "мандемдүү дубан башчыларынын" иштен алынып, тартип коргоочуларга жаңы жетекчилердин келишин президент Хамид Карзайдын ийлиги катары баалады. Бир эле мезгилде келечекте Батыш күчтөрүнүн жоготуулары өсүшү мүмкүн экендигин эскертти. Ал Батыш өлкөлөрү алардын жашоосуна оң таасир тийгизе ала тургандыгына жергиликтүү калкты ишендирүүгө көп нерсе көз каранды болоорун мындайча белгиледи:

- Менимче, Ооганстандын түштүгүндө калк аскерлердин турушунан натыйжа болооруна анчейин ишене бербейт. Анткени төрт жарым жылдан кийин оогандар өтө аз жылыш болду деп эсептешет. Ошондуктан алар эми биздин аракеттерден кандай майнап болот түпөйүл болуп жатканына мен таң калбайм.

Евросоюздун өкүлү ошондой эле Батыш Ооганстанда тартип коргоочуларды машыктырууга көбүрөөк көңүл буруш керек экендигин белгиледи. Кабулдагы соңку тополоңдордо ооган полициясы чабалдыгын көрсөттү деп айтты Вендрел. Ал Ооганстанда эскичил юстиция башчысынын кетирилгенине жогору баа берди. Анын пикиринде, бул кызматка билимдүү жаңы адамдын келиши Ооганстандын акыйкаттык системасынн оңолушуна жагымдуу шарт түзмөкчү.

Евросоюздун өкүлү ошондой эле Ооганстанда талибдердин кайра баш көтөрүп, күчтөнүшүндө Пакистан чоң колдоо көрсөтүп жатат деген ырастоолорду колдогон жок. Ал Пакистандын жетекчилиги балким чек арадагы кырдаалды толук колуна албай жаткан болушу керек деп айтып, өз аймагында кырдаал кыйын болуп жаткан Пакистандын да чамасы чакталуу экендигин белгиледи.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG