Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

20-ИЮЛДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1927-жылдын 20-июлунда Кыргыз АССРи менен Казак АССринин ортосунда өкмөт аралык келишимге кол коюлган. Борбордук шайлоо комиссия 2004-жылдын бул күнү Курманбек Бакиевди өлкө президенттигине каттоо туурасында Токтом кабыл алды.

1927-жылдын 20-июлунда Кыргыз АССРи менен Казак АССринин ортосунда өкмөт аралык келишимге кол коюлган. Келишимге ылайык, Кыргызстан тарабы казак малчыларына мал жайлатмакка жайлоо жерлерин берген, ал эми казак республикасы малчылардын коомдук-маданий тейлөө чыгымдарын көтөргөн.

1931-жылдын бул күнү Кыргыз обком ВКП (б)сы менен өкмөтүнүн үчүнчү бириккен пленуму ишин баштады. Пленумда колхозчуларды келишим менен жумушчу катарына тартуу боюнча партия органдарынын ишин жандандыруу маселеси талкууланды. Совет мамлекетинин индустриалдык өнүгүү программасына ылайык, партия органдары жумушчулардын санын арттыруу саясатын жүргүзүшкөн. Мындан тышкары пленумда жазгы айдоо ишинин аткарылышы, 1932-жыл үчүн элдик чарбаны пландоо жана коомдук-маданий турмуштун өнүгүү келечеги талкууланган.

1932-жылдын 20-июлунда Кыргыз обком ВКП (б)нын V пленуму ишин баштады. Партия жыйынында жазгы айдоо ишинин жыйынтыгы, оруп-жыйуу компаниясына болгон даярдык, колхоз өндүргөн продукцияны сатуу, көчмөн жана жарым көчмөн калкты отурукташтыруу боюнча маселелер каралды. Мындан тышкары, Кыргыз облустук партия уюмунун өлкө курулушуна жаштардын комсомол бирикмесин тартышы кызуу талаш жараткан.

1927-жылдын бул күнү Кыргызстандын курама командасы Казак АССРинин күчтүү курама командасын 1-0 эсебинде жеңди деген кабар келди. Командалардын беттешүүсү Оренбург шаарында өтүп, кыргызстандык футболчулар мыкты оюну менен адистердин купулуна толгон.

2004-жылдын бул күнү, Түркия Республикасынын Аскер академиясында атактуу кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго ийгиликтүү операция жасалып, өмүрүнө коркунуч жок деген жылуу кабар маалымдоо каражаттары аркылуу кабарланды.

Борбордук шайлоо комиссия 2004-жылдын бул күнү, Кыргызстандын Шайлоо Кодексине ылайык Курманбек Бакиевди өлкө президенттигине бекиткен Токтом кабыл алды.

Бул күнү, акыл оюнунун күйөрмандары Эларалык шахмат күнүн белгилеп, 1944-жылы Адольф Гитлерге ийгиликсиз кол салуу жасалып, 1304-жылы италиялык акын Франческо Петрарка, 1804-жылы англиялык зоолог, анатом Карлос Сантана, 1940-жылы ырчы-композитор Давид Тухманов жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG