Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 11:46

ЖАБЫК ЭШИКТИН АРТЫНДА КАНДАЙ МАСЕЛЕЛЕР КАРАЛДЫ?


Улан Алымкул уулу, Прага Кечээ Өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда күч органдарынын жетекчилеринин жабык эшик артындагы жыйыны болгон. Ал кеңешмеде сөз болгон айрым маселелер тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, укук коргоо органдарын жана сот системасын реформалоо боюнча концепция долбоорун даярдап жаткан жумушчу топтун жетекчиси Кубатбек Байболов "Азаттыкка" маек куруп берди.

-Кечээки жыйындан кийин тартип коргоо органдарынын ар бирине өз компентенциясына ылайык бир катар тапшырмалар берилип, жетекчилерге эскертүүлөр жасалганы тууралуу президентин басма сөз кызматынын маалыматы тарады. Ал жерде айтылган кеп-сөздөр эмнеден кабар берет?

- Жалпы жолунан айтылган сөздөрдүн негизги маанайы бул өлкө үчүн кылмыштуулукка байланышкан абалдын жеткиликтүү деңгээлде актуалдуу экендигин, кылмыштуулук бир чоң проблемаларга айланып калгандыгынан кабар берет.

-Демек кылмыштуулуктун көрсөткүчтөрү, кандайдыр бир анализдер айтылса керек.

-Укук коргоо органдарынын жетекчилери өзүлөрүнүн отчетун беришти. Тилекке каршы, бул кеңешме жалпы жолунан отчет түрүндө болуп калды. Ал эми проблемалар тууралуу укук коргоо органдарында иштебеген Марат Султанов, Феликс Кулов ж.б. ушул сыяктуу жетекчилер тарабынан гана айтылды. Менин оюмча эгерде көп нерсе проблемаларга байланышкан сөз жүргөн болсо иштиктүүрөөк болор эле.

-Сиз дагы ал чөйрөдө иштеген адис катары бул проблемалардын түйүнү эмнеде. Ар бир мекеме, кызматкер өз милдетин так, адилеттүү аткарса андай проблемалар чыкпайт. Чыкса да масштабы азыраак болот го дейм.

- Проблемаларды эсептеп отурса өтө көп. Маселен, укук коргоо органдарынын иштиктүүлүгүнүн баалуулугунун критерийлери жок болуп жатат. Алардын отчетун угуп отурсаң, чеке тердетип иштеп жаткандай маанай калтырат. Бирок, иш жүзүндө абалдын динамикасы анчейин жакшы болбой жатат. Ошондуктан ушул кезге чейин ал органдардын эффективдүүлүгүнүн критерийи жок болуп жатат. Жалпы кылмышка байланышкан республикадагы ахывалдын реалдуу көрүнүшү элге маалым болбой жатат. Ал жанагы статистикага байланыштуу. Укук коргоо органдарынын конкреттүү жоопкерчилигине жана конкреттүү милдеттерине байланышкан маселелер көп.

-Укук коргоо органдарынын анын ичинен сот ишин реформалоо боюнча концепция долбоорлорун даярдоочу жумушчу топтун төрагалына дайындалган элеңиз. Албетте концепциядагы сунуштар кабыл алынса, далай мыйзамдарды жаңылоо талап кылынса керек. Сиздердин концепцияңыздар качан сунуш кылынчудай жетекчиликке?

- Мен ал кеңешмеде акыркылардан болуп сөз сүйлөп, концепциянын долбоорунун негизин президенттик администрацияга тапшырдым. Эми ашып кетсе 4-5 күндөн кийин акыркы официалдуу вариантына кол коюп туруп президентке жөнөтөм. Ал жерде бир топ институционалдык өзгөрүүлөр сунуш кылынат. Укук коргоо органдарынын ар бирин өз алдынча реформалоо боюнча сунуштар берилет.

-Ал эми концепция кабыл алынса, биринчи этабы болуп, анан мыйзамдарды жаңылоо талап кылынса керек.

- Сөзсүз түрдө көптөгөн чоң-чоң өзгөрүүлөр талап кылынат. Дароо белгилеп коюшубуз керек, концепция менен конкреттүү иштин ортосунда эң чоң мөөнөт дагы, иш дагы жатат. Маселен, эгерде укук коргоо органдарынын оюн сурай турган болсо, алар сөзсүз түрдө атакага алышат да. Бизде башынан реформа ушундай болуп келатпайбы. Реформага эч бир кызыкдар болбогон күчтөргө сунуш кылынып келатат. Ошон үчүн биз 15 жылдан бери реформалайбыз деп келатканыбыз менен иш жүзүндө эч нерсе өзгөрбөй келет. Ошондуктан бул реформа иш жүзүнө ашаары саясий эрктен көп көз каранды.

XS
SM
MD
LG