Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

«ХИЗБУТ-ТАХРИР» КЫРГЫЗСТАНДА ЖИХАД ЖАРЫЯЛАДЫБЫ?


19-июлда өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиевдин төрагалыгы астында болгон жыйында өлкөдө тартип жана мыйзамдуулукту сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөш маселеси талкууланды. Жыйын соңунда күч структураларынын жетекчилеринин бири «Хизбут тахрир» партиясы Кыргызстандын тартип коргоо органдарына жихад, биз аларга газават жарыяладык», деп билдирген. Бул маалыматтын канчалык чындыгы бар?

«Хизбут-тахрир» саясий диний уюмунун ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда расмий түрдө тыюу салынган. Бул уюм өз ишин жашыруун жүргүзөт. Лидерлерин, мүчөлөрүнүн санын ашкере айтпайт. Куралсыз, үгүт иштери менен халифат түзүүгө аракеттенишээрин расмий түрдө билдирип келишет.
«Хизбут-тахрир» Кыргызстандын күч структураларына жихад жарыялаптыр деген маалыматты уюмдун мүчөсү Султанбек Бадалов четке кагат:

"Бул такыр чындыкка туура келбейт. Жихад Хизбут тахрирдин идеологиясына каршы келет. Биз андай нерсени четке кагабыз".

Бирок, Бадалов камакка алынган хизбутчулар, абактан кийин радикалдуу өңүттөргө ооп кетип жатканын белгилейт:

"Маселен, чөнтөкчү камалса, абактан баш кесер болуп чыгат, туурабы? Биздин мүчөлөрдү мамлекет мына ошентип өзү даярдыктан өткөрүп берип жатат. Жаңы кирген мүчө камалса, ал абактан күчтүү инсан болуп чыгууда".

Бадалов хизбут менен Өзбекстан ислам кыймылынын байланышы жок деп эсептейт. Бирок, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү Талант Разаков «Хизбут тахрир» уюму акыркы кезде радикалдашып баратканын белгилейт:

"Хизбуттун мектебинен өткөндөр гана Өзбекстан ислам кыймылы, Түркстан ислам кыймылына мүчө боло алат. Жакында Жалалабадда болгон окуя мына ушуну далилдеп жатат. Бул окуяларга Өзбекстан ислам кыймылы жана Түркстан ислам кыймылынын тиешеси бар. Алардын мүчөлөрү кезинде Хизбуттун мектебинен өтүшкөн. Ошондуктан Хизбутту тынчтык кыймылы деп айтыш кыйын болуп калды. Алар террордук жолго өттү. Мунун Жалалабаддагы окуя көрсөтүп жатат".

Талант Разаковдун пикиринде, Хизбуттун ачыка чыкпай жатканынын себеби алардын мүчөлөрүнүн учурда аздыгында. Качан алар 40-50 миңге жеткенде ачыка чыгып, митингдерди уюштуруп, халифатты түзүү идеясын жүзөгө ашыра башташы мүмкүн.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Кыргызстандын күч органдары хизбутчулар менен Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрүнүн айырмасын билүүгө тийиш деп Ички иштер министрлигинин жетекчилерине кайрылганын билдирди:

"Өзбекстан ислам кыймылы менен Хизбут тахрирдин айырмасын билгиле деп кайрылдым. Бири куралчан күрөш жүргүзөт, экинчиси баракчаларды гана тарат. Ошон үчүн аша чаппагыла. Адам укуктары бузулбасын деп кайрылдым".

Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш боюнча башкармалыгынын башчысы Осмоналы Гуронов Хизбут тахрир менен Өзбекстан ислам кыймылынын ортосунда байланыштар чыңалып баратканын белгилейт:

"Хизбут тахрир менен Өзбекстан ислам кыймылынын ортосунда байланыш бар. Себеби, биз далилдерди алганда бир эле куралдарды албастан алардын ичинен Хизбутту колдогон атайын баракчаларды, китепчелерди таап жатабыз.Экөөнүн ортосунда байланыш пайда болуп, булар ачык террордук-диверсиялык жолдорго өтүп жатат".

Ошол эле мезгилде хизбутчулардын жихад жарыялаганы тууралуу маалыматы жок экенин Гуронов белгиледи. Анын маалыматы боюнча, Хизбуттун тартип коргоо органдары тарабынан каттоого алынган мүчөлөрүнүн саны 2 миңдей. Бирок хизбутчулар жашыруун иш жүргүзгөндүктөн алардын санын так айтуу кыйын.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Сабиров жихад жарыяланганы тууралуу маалыматка мындай пикирин айтты:

"Мен билбейт экенмин. Бирок жихад жарыяланса расмий түрдө жарыяланыш керек. Ал үчүн ыйгарым-укуктуу адам дайындалыш керек. Эгерде булар болбосо, демек ал имиштер, ой жооруулар".

Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу кыргыз өкмөтү экстремисттерге каршы күрөштү өз атуулдарына каршы күрөшкө айландырбаш керек деген каалоосун айтат:

"Эң негизи биз тоталитардык өлкөлөргө окшоп өз атуулдарыбыз менен күрөшүшүбүз керек эмес. Ар бир жараныбызды душман катары көрбөшүбүз керек. Ошондуктан этияттык менен мамиле жасалыш керек деп жетекчилерди, тартип коргоо органдарын да эскертип келатам".
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG