Буш Сенат тарабынан алдыңкы күнү добуштардын көпчүлүгү менен кабыл алынган мыйзам долбооруна жол бере албай тургандыгын кесе айтты:
-Эгер бул долбоор мыйзамдуу күчкө ээ болсо, америкалык салык төлөөчүлөр биздин тарыхта биринчи жолу адам түйүлдүгүн атайылап жок кылуууну каржылоого мажбур болушмак. Мен буга жол бере албайм.
Президенттин ветосун күчүнөн кетирүү үчүн Конгрессте добуштардын үчтөн экисин чогултуу дээрлик мүмкүн эмес, ошондуктан бул мыйзам биротоло жокко чыгарылды десе болот. Ошол эле мезгилде мурда алынган клеткаларга байланышкан изилдөө улана бермекчи.
Анча жетиле элек, бирок бара-бара булчуң, кан жана мээ клеткаларына айлана турган клeткаларды "сөнгөк клеткасы" деп аташат. Аларды адамдын түйүлдүгүнөн гана алууга болот. Бирок "сөңгөк келаткасын" алгандан кийин түйүлдүк өспөй калат. Бир катар диний топтор жана башкалар адамдын өмүрү түйүлдүк жаралгандан башталат, ошондуктан түйүлдүктү жок кылуу кишини өлтүрүүгө барабар деп эсептешет. Жорж Буш өтө динчил адам, ал 2001-жылы эле "сөңгөк клеткасын" изилдөөгө федералдык казнадан каражат бөлүүгө тыюу салган.
Ал эми мындай изилдөөнүн колдоочуларынын көз карашында, ири медициналык ачылышка алып келе турган ишти чектөө илимдин көз карашынан алганда даанышмандыкка жатпайт. Алардын бири Сенатор Диана Фейнстейн Бушту ветосунан баш тартууга чакырды:
-Бул мыйзам долбоору акыры өтөт. Ал кайра президентке барат. АКШ президентинин биринчи ветосу миллиондогон америкалыктардын үмүтүн таш каптырабы жокпу ошондо билебиз.
Айрымдар "сөңгөк клеткасын" изилдөөгө бут тосуу улана берсе, көптөгөн америкалык окумуштуулар өлкөдөн кетип калат деп чочулашат. Арийне, азырынча мындай үркүндүн белгилери байкала элек.
Жаңыл Жусубжан, Прага