Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:44

21-ИЮЛДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1847-жылы Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн чаткалдык кыргыздардын жетекчиси Момун Шамурзаков жана башка кыргыз уруу башчылары баш кошуп биригүү туурасында макулдашышкан. 1908-жылдын 21-июлунда Россиянын Аскер министрлиги Шабдан баатырдын империяга көрсөткөн кызматын жогору баалап, ага жер бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

1847-жылы Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн чаткалдык кыргыздардын жетекчиси Момун Шамурзаков жана башка кыргыз уруу башчылары баш кошуп биригүү туурасында макулдашышкан. Тарых маалыматтарына караганда, чаткалдык кыргыздар Кокон бийлигинин эзүүсүнө жана адилетсиз саясатына каршы көтөрүлүшкөн. Алар бул убакта Чаткалга чогулушуп, күчтү бир жерге топтоп, хандыкка каршы биригип аракет жасоо туурасында келишимге жетишишкен.

1908-жылдын 21-июлунда Россиянын Аскер министрлиги Шабдан баатырдын империяга көрсөткөн кызматын жогору баалап, ага жер бөлүп берүү туурасында жер бөлүү жана жер иштетүү боюнча Башкы башкармачылыкка кепилдик берген. Буга чейин Шабдан баатырга айдоо жана бакчылык үчүн жер бөлүп берүү туурасында бир канча процедуралык иштер жасалып, акыркы өтүнүч кайрылууну генерал-адьютант Мищенко жазган. Ал Шабдан Жантаевдин Түркстан аймагын империяга каратууда сиңирген эмгеги зор экендигин белгилеп, анын кызматы татыктуу бааланышын өтүнгөн.

1951-жылы жаңыдан уюшулган кыргызстандык университетте 5 профессор, 39 илим кандидаты жана доцент, ал түгүл 1 мүчө-корреспондент иштей турганы маалым болду. Акыркы адам атактуу академик Келдыштын досу, Кыргызстанга жөнөтүлгөн илимпоз Феликс Франкль болгон.

Кыргызстанга расмий визит менен келген Россия президенти Борис Ельцин менен Кыргыз мамлекет башчысы Аскар Акаев 1991-жылдын 21-июлунда эки өлкө ортосундагы мамиле туурасындагы келишимге кол коюшту. Келишимде, эки тарап бири-биринин күңкорсуздугун таанып жана эгемендикти барктап, урматтай турганы айтылат.

Бул күнү, 1613-жылы Москвада орус падышасы Михаил Романов такка отуруп, 1941-жылы Москвага биринчи абадан чабуул жасалып, 1894-жылы Нобель сыйлыгынын лауреаты Петр Капица, 1899-жылы теңдешсиз жазуучу Эрнест Хемингуей жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG