Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТА ДИПЛОМАТИЯЛЫК АРАКЕТТЕР КҮЧ АЛУУДА


Бүгүн да Израилдин согуш учактары Ливандын түштүгүн бомалоону улантышты. Качкындар бараткан автобуска болгон соккудан 3 киши набыт кетти. Хезболла уюму Израилдин Хайфа шаарына аткан ракетадан 2 киши ажал тапты. Ливандын түштүгүндө согушкерлердин огунан БУУнун байкоочулар тобунун мүчөсү оор жараат алды. Ал эми БУУнун гуманитардык иштер боюнча жогорку өкүлү Ян Эгеланд Бейруттун чет жакаларын кыдырып чыгып, Израилдин соккулары алып келген кыйроолорду алаамат деп атап, бул - гуманитардык мыйзамдарды бузуу болуп эсептелет деп белгиледи.

БУУ Ливан гуманитардык кризиске туш болушу ыктымал деп эскертүүдө. Ушу тапта жарым миллиондон ашуун адам жөөттөрдүн чабуулдарынан качып, жер которууга мажбур болду. 11 күндөн бери уланып келаткан соккулардан Ливанда 358дей киши өлдү. Алардын көпүчлүгү карапайым адамдар. Хезболланын соккуларынан болсо 34 жөөт набыт болду.

Анын аралыгында жаңжалды жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттер күч алууда. Бирок жакын арада конкреттүү бир чечим кабыл алынаары күмөн. Ушу тапта Израилде Франция, Германия жана Британиянын жогорку өкүлдөрү жүрүшөт.

Немис тышкы иштер министри Франк Валтер Штайнмайер жөөт коргоо министри Амир Перец менен жолугушту. Франциянын тышкы мекемесинин жетекчиси Филипп Дуст Блази жана британиялык министр Ким Хоуелс Израилдин тышкы иштер министри Тципи Ливни жана башка бир катар кабинет мүчөлөрү менен сүйлөшүү өткөрүшмөкчү.

Коргоо министри Перецтин ырастоосунда, дипломатиялык кадамдар кризисти чечүү үчүн зарыл, бирок Израиль азырынча аскерий операциясынан баш тартпайт. Ал ошондой эле Израиль түндүк чегарасына НАТО жетектеген эларалык бейпилдик күчтөрүнүн жайгаштырылышына каршы болбой турганын ишара кылды.

Кечээ Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш апталык радиокайрылуусунда мамлекеттик катчы Кондолиза Райстын регионго аттанганы жатканын айтып, Хезболла менен элдешүү мүмкүн эмес деп белгиледи:

- Мен мамлекеттик катчы Райсты Жакынкы Чыгышка жиберип жатам. Ал аймактагы башка лидерелер менен кризсти жөнгө салуунун жолдорун талкуулайт. Кризистен чыгуу үчүн жаңжалды баштаган террордук уюмга, аны колдогон мамлекеттерге туруштук берүүгө туура келет. Жылдар бою Сирия Хезболланы колдоп келатат, анын жардамы менен Хезболла Иранда жасалган курал жарак менен камсыздалды. Ирандын режими террордук уюмдарга көмөктөшүп, атомдук курал чыгарууга далаалаттанып, эларалык коомчулук менен тирешүүдө. Алардын иш-аракеттери бүтүндөй Жакынкы Чыгышка коркунуч келтирет, кризисти чечүүгө тоскоолдук кылып жатат.

Азыркы учурда Ливандын армиясы салгылашууларга катыша элек. Бирок расмий Бейруттун өкүлдөрү Израиль жерден кол салса, урушка армия тартылат деп эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG