Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

КАРАПАЙЫМ ИРАКТЫКТАР БОМБА ЧАБУУЛУНУН КУРМАНДЫГЫ БОЛУУДА


Иракта кандуу калабалар уланууда. Жекшемби күнү Багдадда жана түндүктөгү Киркук шаарында автомобилге коюлган бомбалардан бери дегенде 56 киши набыт болду. Андан бир күн мурда премьер-министр Нури Малики түзгөн Элдешүү комитети өлкөдөгү жаатташтык согушун токтотуу, диний жана саясый топторду бириктирүү максатында биринчи жыйынына чогулган эле. Акыркы кездери бомба чабуулунан көбүн эсе ирактык шииттер жапа чегишүүдө.

Жекшемби күнү Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарында болгон бомба чабуулунда 15 кишинин каны төгүлдү. Полициянын полковниги Салахиддин жардыруудан негизинен карапайым адамдар өлгөнүн тастыктады:

- Түшкү саат 12де Киркук сотунун алдында автомобиль жарылып, 15тен ашуун карапайым жарандын, анын ичинде аялдардын жана жаш балдардын каны төгүлдү; дагы 40тай адам, анын ичинде аялдар, балдар жана улгайган жаштагылар жарадар болушту.

Шииттердин ордосу эсептелген жана эли жакыр Садр шаарында да кан төгүүлөр токтобой жатат. Жекшемби күнү Багдаддын чыгыш ныптасындагы шаарда автомобилге коюлган бомба 33 кишинин өмүрүн жалмап, кеминде 60 кишини жарадар кылды.

Бомба эл кызуу соода кылып жаткан базарда жардырылды. Сыналгыдан автомобилдин бомбадан майрыйган бөлүктөрү, кыйраган күркөлөр жана бир нече жерде көлчүктөгөн кан көрсөтүлдү.

Үч жума мурда да Садр шаарындагы базардын ушул бөлүгүндө автомобилге коюлган бомбадан 60ка жакын адам өлгөн. Ошондон кийин жаатташтык согушу дагы ырбайт экен деген кооптонуулар айтылган эле.

Ишембинин түнүндө Садрда АКШлык жана ирактык күчтөр менен шиит козголоңчуларынын Мехди армиясынын кагылышып, козголоңчу деп шектелген 8 киши кармалган.

22-июлдун түнү Багдаддын четиндеги Амил районунда да тынч өтпөдү. Жергиликтүү тургун Сабах Максусинин айтымында:

– Амил району минометтон аткыланып, бир үй-бүлөдөн кеминде жети адам өлдү жана сегиз киши, анын ичинде жаш балдар жарадар болушту. Бейкүнөө адамдар жапа чегишти. Алар эмне үчүн минометтон элди аткылашат?

АКШ колдогон премьер-министр Нури Маликинин шииттер менен суннилер арасындагы жаатчылык согушун токтотуу аракети учурда майнапсыз болууда . Малики түзгөн Элдешүү комиссиясы ишемби күнү өткөн алгачкы жыйында суннилердин ири саясый партияларынын айрымдары катышкан жок. Азыркы Ирак өкмөтүндө көпчүлүк орун шииттерге таандык.

Ирактагы коопсуздук маселеси Маликинин дүйшөмбү күнү Лондондо Британ лидери, шейшемби күнү Вашингтондо президент Буш менен болчу сүйлөшүүлөрүндө талкууланат деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG