Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

КОНДОЛИЗА РАЙС ОК УЧКАН ЛИВАНГА БАРДЫ


Дүйшөмбүдө АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Ливанга күтүүсүз сапар менен барды. Алгачкы план боюнча, ал ушул эле күнү Израилге да бармак, бирок Вашингтондон алынган маалыматка караганда, Райс айым бул ирет Бейрутта гана сүйлөшүүлөр өткөрөт.

Кондолиза Райс Бейрутка тикучма менен барып конгондо, Израил-Ливан чек арасында жаадырылган ракеталардын үнү жаңырып турду. Ливандын түштүк тарабында жөөт аскерлери “Хезболланын” базасы жайгашкан Бинт Жибайл шаарын колго алыш үчүн салгылашын улантып жатты. 400дөн ашуун кишинин өмүрүн алып, 500 миңдей адам качкынга айланган бул куралдуу кагылышуу башталгандан бери Ливандын бийликтери жана чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөр ок атууну токтотууга үндөп келаткандыктан, Кондолиза Райстын сапары таптакыр күтүүсүз болду деп айтуу кыйын.

Израилдин учактары бомбалаган Бейруттун түштүк ыптасын кыдырып чыккан Улуттар уюмунун Өзгөчө кырдаалдар боюнча координатору Жан Эгеланд буларга токтолду:

- Бул окуя уланып атканына канчалаган күн болду. Ушу тапта 1 миллиондой киши чукул жардамга муктаж. Жарадар болгондорго дары-дармек керек, таза суусуз калган аймактар бар. Ливандын түштүгү менен Бейрутта канча миңдеген киши куралдуу калаба астында калды.

Европалык кесиптештеринен айырмаланып, Кондолиза Райс жолго чыгаар алдында АКШ ок атууну кандай болгон күндө да токтотууга умтулбайт, айрыкча ал убактылуу гана чечим болсо майнап чыкпайт деп басым жасады. Вашингтон “Хизболла” уюму Ливандын аймагынан Израилди көздөй ракеталар жаадырууну биротоло токтотушу керек деп талап кылууда. Израил дал ушул талаптын аткарылышын көздөөрүн кайталап келатат.

Аңгыча Израилдин тышкы иштер министри Тзипи Ливни Тель-Авив – Ливандын түштүк чек араларына НАТО, же Евробиримдиктин аскерлерин киргизүүгө каршы эмес, бул кадам чатакты басууга шарт түзө алат деп белгиледи:

- Биз эл аралык коомчулук менен Ливан өкмөтүн колдоонун эң мыкты жолдорун талкууламакчыбыз. Ливандын түштүгүндөгү окуя үчүн жоопкерчилик Ливан өкмөтүнүн мойнунда экенин билебиз, ошентсе да бул өлкөнүн жетекчилигине “Хизболла” уюмун куралсыздандырууда жардам көрсөтүп, Улуттар уюмунун бул маселе боюнча резолюциясын аткарып, хизболлачыларды Ливандан биротоло кетирүүгө колдоо көрсөтө алабыз.

Кондолиза Райс Бейрутта Ливандын жетекчилери менен дал ушул маселелерди талкуулайт деп күтүлүүдө. Башында Вашингтон Израилге “Хизболла” уюмун жана анын Иран менен Сириядагы бутактарын алсыздандырууга мүмкүндүк берүү керек дегендей пикирде болгон. Кийинчерээк Европа жана Арап өлкөлөрү Ливандагы карапайым элдин жабыр тартып жатканын айтып, добушун көтөргөндө, АКШ четте обочолонуп калгандай болду. Андыктан, Кондолиза Райстын алдында татаал дипломатиялык милдет турат. Жакынкы күндөрү Вашингтондо Мисир жана Саудилик чабармандар Кондолиза Райс баштаган ырасмий өкүлдөр менен жолугуп, Израил-Ливан чатагын басуунун жолдорун талкуулашты. Анда айтылгандай, бул маселеге Сирия да Иран менен алакаларын кайра карап чыкса, өз салымын кошушу мүмкүн. Айтор, ал жыйында айтылгандай, “Хизболла” куралын таштап, багынып бермейинче Израил ок атууну бир тараптуу токтото койору өтө күмөндүү. Бейрутта Ливандын жетекчилери менен кырдаалды кенен талкуулаган соң, Кондолиза Райс шаршембиде Римде Европа жана Арап лидерлери менен масилеттешмекчи.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG