Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:16

ИРАН ПРЕЗИДЕНТИ РАСМИЙ САПАР МЕНЕН ТҮРКМӨНСТАНГА БАРАТ


Төрөкул Дооров, Прага Бүгүн кечинде, 24-июлда, Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад расмий сапар менен Ашгабадка келээри күтүлүүдө. Түркмөн бийликтери Иран президентинин сапары учурунда Каспий деңизинин статусу да аныкталат го деген үмүттө. Каспий деңизинен пайдаланып жаткан беш мамлекет азырга чейин анын ресурстарын бөлүштүрө албай келишет.

Көпчүлүк байкоочулар Иран президенти менен Түркмөнбашы атыккан түркмөн президентинин сүйлөшүүлөрүндө көп деле чоң өзгөрүүлөр болбойт деп ишенишет.

Женевадагы эл аралык окуулар институтунда дүйнөлүк саясат боюнча профессор Мухаммад Реза Жалилинин айтымында, мындан 15 жыл мурда Советтер Союзу таркап кеткенден бери эле Түркмөнстан Иран менен жакшы алакада болуп келди:

- Бул эки мамлекет ортосунда эч кандай проблема жок. Түркмөнстан менен Иран бири-бири менен жакшы мамиледе. Бир чети, Түркмөнстан нейтралдуу саясатты жүргүзүп, өзүнө Кошмо Штаттардын таасирин азайтып жатышы Тегеранга жагып турат.

Профессор Жалили биздин радиого айткандай, бул эки мамлекетте экономикалык жана соода алакалар да мыкты өнүгүүдө:

- Экономика жаатында аталган эки мамлекет бири-бири менен тыгыз байланышта турушат. Аларда газ боюнча кызматташуу жакшы өнүгүүдө. Мисалы, Иран түркмөн газын сатып алып турат. Менимче, аларда коңшулук алыш-бериш жакшы.

Иран түркмөн газын сатып алып тургандардын ичинде Орусиядан кийинки эле экинчи орунда турат. Түркмөнстандык оппозициялык gundogar.org деген интернет-сайт Ирандын Ашгабаддагы элчилигине шилтеме жасап, былтыр эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд.долларды түзгөнүн кабарлады.

Ахмединежад менен Ниязов сүйлөшүүлөрдө Каспий деңизи тууралуу да пикир алмашышат. Бул деңиздин байлыгын коңшулаш беш өлкө тээ Советтер Союзу кыйрагандан бери бөлүшө албай жүрүшөт. Бирок профессор Жалилинин оюнда, Иран президентинин бул сапары учурунда деле Каспий боюнча чоң бир өзгөрүү болбойт.

Арийне Ахмединежаддын Түркмөнстанга сапары “расмий Тегеран өзүн-өзү изоляцияга алууда” деген эларалык коомчулуктун айыптоолорун четке кагууну максат кылат деп ишенет Жалили.

XS
SM
MD
LG