Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

ВЛАДИМИР ЖИРИНОВСКИЙ КЫРГЫЗСТАНДА


Жекшембиде Кыргызстанга келген Орусия мамлекеттик думасынын вице-спикери Владимир Жриновский кечээ Бишкекте бир катар жолугушууларды өткөрдү. Орусиянын вице-спикери президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Феликс Кулов жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрүп, орус-кыргыз алакаларын өркүндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Андан соң кечке жуук Жогорку Кеңештеги маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Кыргыз парламентинин төрага орун басары Кубанычбек Исабековдун коштоосунда башына ак калпак, үстүнө улуттук чепкен кийип журналисттердин алдына чыккан Владимир Жириновский алгач кыргыз тарап тосуп алуудан баштап көрсөткөн сый-урматка ыраазычылык билдирди. Суроолорго жооп берип жатып ал мурдагы Советтер Союзунун аймагында Европа Биримдигиндей уюм түзүлүп, чек аралар ачык болушу керек, террорчулукка каршы башка жодор менен биргеликте күрөшүү керек деген оюн айтты. Жриновский ошондой эле Кыргызстанда АКШ аскер базасынын жайгашуусу терс жагы гана болбосо эч кандай пайдасыз деген пикирде:

- Бул жердеби, Борбор Азиянын башка аймагындабы АКШ базасынын турушу эч кандай пайда алып келбейт. Терс таасирин гана тийгизет. Бул маселеде Москва менен Вашингтон стратегиялык келишимге келиши керек. АКШ менен Орусия өз-өзүнө ыңгайлуу аймактардагы кырдаалды көзөмөлдөшү керек.

Ошол эле учурда ал Кыргызстанда Орусия аба базасынын жайгашуусу аймактагы коопсуздукту камсыздайт деп эсептейт.

Орусия вице-спикери мындан сырткары Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө салым кошууга ниеттенээрин, орус тилине болгон мамиле мурдагыдай сакталып кала беришин каалары тууралуу сөз кылды. Ошондой эле эки өлкө ортосунда кош жарандуулук киргизилишин колдоорун айтуу менен кыргыз жарандары Орусияга барып иштешин кубаттаарын, Орусияга жумушчу күч зарылдыгын белгиледи.

Владимир Жириновскийдин мындай сунушуна Кыргызстанда таң калгандар да жок эмес. Анын бул сөздөрү буга чейин айткандарына карама-каршы чыккандай таасир калтырат дейт жаш саясат таануучу Адилет Өмүров:

- Орусияда иштеген кыргыз жарандарын колдошубуз керек деп ал өзүнө-өзү каршы сүйлөп атат. Жириновский Орусиядагы нацисттик саясатты колдогон саясатчы.

Ал эми ЖКнын мурдагы депутаты, саясатчы Ташболот Балтабаев Жириновский бул сөздөрүн геостратегиялык жагдайга жараша айтып жатат деген пикирде:

- Бул бүгүнкү геостратегиялык жагдайга жараша айтылган сөз деп эсептйм. Кыргызстан геосаясий маанилүү орунда тургандыктан дөө-шаа мамлекеттердин кызыкчылыгына байланыштуу көп ыйкы-тыйкылар башталууда. Кыргызстан кичинекей мамлекет болгон соң ортодо туруп, бир тараптуу мамиле жасабастан ар бири менен нейтралдуу жана биздин улуттук кызыкчылыктарга жооп берген саясат жүргүзгөнү ийги.

Орусия мамлекеттик думасынын вице-спикери Кыргызстандагы сапарын Ысыккөлдө эс алуу менен ушул жуманын соңуна дейре улантат.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG