Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

ИРАК ЛИДЕРИ ЖААТТАШТЫК СОГУШУН ТОКТОТУУ АРАКЕТИН КӨРҮҮДӨ


Бүгүн (25-июлда) Ирактын өкмөт башчысы Нури Камал Малики Вашингтондо Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш менен кездешет. Ак Үйдүн өкүлүнүн маалымдашынча, жолугушууда эң алдың - премьер-министр Маликинин ирактык суннилер менен шииттер ортосундагы жаатчылык согушун токтотуу планын аткаруу маселеси талкууланат. Бир ай мурда бекитилген коопсуздук планы азырынча ийгиликсиз болууда жана Иракта кандуу калабалар күн сайын кайталанууда.

Ак Үйдүн өкүлү Тони Сноу дүйшөмбү күнү билдиришинче, премьер-министр Малики алты жума мурда бекиткен коопсуздук планы “максатына жеткен жок”. Андыктан, шейшемби күнкү кездешүүдө президент Буш менен Ирак лидери береги планды ишке ашыруунун амалын талкуулашат. Багдаддын коопсуздугун камсыздоонун натыйжалуу жолун табуу, Сноудун сөзүнө караганда, өзгөчө маанилүү эсептелет.

Ассошэйтед пресс агентигинин ырасмий булактарга шилтеп маалымдашынча, жаңы план боюнча Багдадга кошумча дагы америкалык аскерлер жайгаштырылат сыяктанат.

Жудит Киппер Тышкы байланыштар кеңешинин Жакынкы Чыгыш форумунун башчысы. Аталган жеке менчик саясый борбор Вашингтондо жайгашкан. Киппер айым Иракта күч алып бараткан куралдуу кооганы басуу үчүн Буш жана Малики чогуу аракеттенчү убакыт келгенин айтат:

- Кырдаал өтө коркунучтуу жана эки жак үчүн тең оор болууда. Себеби, Малики жааташтык урушун токтотуунун аракетин кылып жатканын көрсөткүсү келет. Президент Буш болсо Маликиге биз аларды кыйын абалда калтырып кетпей турганыбызга ишендириши зарыл.

АКШлык аскерлердин эсебине ылайык, 13-июлда аяктаган бир жумада Багдадда 34 жолу чоң бомба чабуулу менен аткалышуу болгон. Бул мурдакы жумаларга караганда 40 процентке көп. Андан бери да Багдадда кан төгүүлөр токтобой уланып жатат.

Ак Үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин 1990-жылдардагы улук мүчөсү Леон Фюздун боолгошунча, Буш жана Малики ирактык күчтөр маанилүү роль ойной баштаганына бирин бири ишендирмекчи:

-Буш менен Малики Ирактын күчтөрү коопсуздукту камсыздаган аймактар өлкөдө көбөйүп баратат дешип, бири бирин колдошу ыктымал. Ошондой эле Малики Бушка :” Биз, Кошмо Штаттардын өлкөдөн чыгып кетишин каалайбыз, бирок, азыр алар чыгып кетпей турсун”,-деп айтат сыяктанат.

Леон Фюздун айтымында, Малики өзү Ирактагы абал боюнча Бушка жана 26-июлда өтчү Конгресстин кошмо сессиясында жаңы бир нерсе айтат деп күтүп болбойт. Ал эми жаатташуу согушун токтотуу боюнча жаңы демилге Буш шейшемби күнү Малики менен жолугушкандан кийин жарыяланып калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG