Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

ЖАЛАЛАБАТ : ЖАҢКЕСЕПТЕРДИН КАЛДЫКТАРЫ КАЯККА ЖИТИП КЕТИШКЕН?


Терроризм жана экстремизм коркунучу Жалалабатта коомчулукту бушайман кылган олуттуу маселе бойдон турат. Байкоочулар баамында, диний экстремисттик уюм деп саналган “Хизб-ут-Тахрир” партиясы иш-аракетин тымызын жүргүзүүдө. Ушул айда бир милиционер атып өлтүрүлүп, үч тартип сакчысы жараат алгандан кийин облустун аймагында коопсуздук аракеттери күчөтүлдү. 14-июлда аскер күчтөрүнө каршылык кылган куралдуу беш киши жок кылынган. Укук коргоо органдары азыркы учурда ИДУнун мүчөлөрү деп аталган жаңкесептердин калган шериктерине издөө салууда.

Облустук бийликтин дин иштери боюнча кеңешчиси Садырбек Качкынбаевдин пикири боюнча өлкөдө расмий катталбаган диний уюмдар жаштардын түшүнбөстүгүнөн пайдаланууда. Ислам халифатын орнотууну каалагандар тынчтык менен ыймандуулукка чакырган диний адабияттарды бурмалап, социалдык абалы туруксуз өлкөлөргө коркунуч келтиришет:

- 18 жаштан 30 жашка чейинки жаштар болуп эсептелет. “Хизб-ут-Тахрир” партиясы биринчи ушул жаштардын түшүнбөстүгүнөн пайдаланышат. Бизге окшогон экономикасы жаңыдан калыптанып келе жаткан мамлекеттерге чындап эле коркунуч түзүп жатат,- дейт Садырбек Качкынбаев.

Чек аралардын такталбай, толук кайтарылбагандыгынан диний экстремизм менен терроризм Фергана өрөөнүнө коопсуздугуна коркунуч туудурууда.”Жалалабат жаштары” коомунун өкүлү Бакыт Молдожанов айткандай, мындай бүтүм коомчулук арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо аныкталган. Сурамжылоого туш болгондордун 30-40 пайызы “Хизб-ут-Тахрир” партиясына өтүүгө үгүттөлгөндүгүн билдиришкен:

- Бул чоң эле коркунуч алып келип жатат. Бул эл аралык уруштарды, жардырууларды алып келиши мүмкүн,- деди Бакыт Молдожанов.

Ушул айдын ортосунда коопсуздук күчтөрүнө каршылык кылган Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөлөрү делген 5 киши атып өлтүрүлгөн. Алардын тирүү калган шериктерин издеп табуу үчүн, билим берүү башкармасынын адиси Муратаалы Үчкемпировдун сунушу боюнча, имам-молдолор мечитке келгендерди териштирип, коомдук жайларда учураган шектүү адамдар тууралуу тартип сакчыларына кабар бериши керек:

- Паспортун, документтерин текшеришсин. Шектүү адамдар болсо көчө комитеттеринин башчыларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине, кабар беришсин,- дейт Муратаалы Үчкемпиров.

Мечитке келгендерди териштирүүдөн молдолор тартынат. Жалалабаттын тургуну Абдулла Камбаров дин үгүтчүлөрүнө көзөмөл жоктугун айтты:

-Канча дабатчылар бар экени боюнча так маалыматыбыз жок экен. Алар кайсы аймактарды камтыйт. Билбейбиз.

23-июлда ички иштер мекемесине облустун “Ташбака-Күнгөй” жана “Атчабар” тоолорунда куралдуу бейтааныш үч адам жүргөнү жөнүндө маалымат түшкөн. Тартип сакчылары көзөмөл жүргүзгөндө шектүү адамдар табылган эмес.”ИДУнун” аман калган мүчөлөрүн издөө улантылууда дейт ички иштер башкармасы Нурлан Темирбаев:

-Согушчандардын калгандары, жакынкы республикалардан келгендер эч каттосу жок жүргөндөр боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөн,- дейт Нурлан Темирбаев.

Султанбек Бадалов Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут-тахрир” партиясынын мүчөсү болуп саналат. Ал өз уюмунун Өзбекстан Ислам кыймылы менен байланышы жок экендигин, ИДУнун башчыларынын бири Тахир Юлдаш кезегинде “хизбутчуларга” каршы чыкканын белгилейт:

-“ИДУлардын” адамдары аябай көп кассеталарды таркатышты.Тасманы көргөн кишилер Тахир Юлдаштын “Хизб-ут-Тахрир” партиясына каршы сүйлөгөнүн көрө алышат. Кассеталар биздин партия Тахир Юлдаш менен эч качан бирге эмес экендигин күбөлөйт,- дейт Султанбек Бадалов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG